КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Алымбаева Берметгүл Бекешовна колдонмолорун сунуштайт

Урматтуу кесиптештер!

 

Өзүңүздөр билгендей, жаш муундарга  улуттук педагогиканын баалуулуктарын колдонуу менен татыктуу, сапаттуу таалим-тарбия берүү ар бирибиздин эң негизги милдетибиз. “КРда 2020-жылга чейин мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоонун концепциясы” (автору С. О. Байгазиев) 2014-ж. чыккан. Аны жүзөгө ашыруу максатында “Тарбиялык иштердин программасы” КРнын Билим берүү жана илим Министрлигинин тапшырмасы боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын Педагогика илими жана кесиптик  билим берүү борборунун Билим берүүнүн, тарбиялоонун теориясы жана практикасы лабораториясында сиздерге жардам катары иштелип чыккан. Программа тарбия иштери боюнча директордун орун басарларына, класс жетекчилерге арналат (авторлору Г.А. Жумабаева, Б.Б. Алымбаева).

Бул программанын негизинде  илимий кызматкери Алымбаева Берметгүл Бекешовна 5-8-класстын класс жетекчилерине, тарбия завучтары үчүн түзүлгөн  колдонмолорун сунуштайт.

“Тарбия – ийгиликтин башаты” 5-класстын класс жетекчилерине, тарбия завучтары үчүн түзүлгөн  колдонмо. Бул методикалык колдонмонун мазмуну тарбиянын бардык түрлөрүн: патриоттук, адептик, рухий, эстетикалык ж.б. ичине камтыйт. Окуучуларды өзүн-өзү тейлөөгө, жүрүм-турум маданиятын, жашоонун сергек мүнөзүн калыптандырууга, этикалык маселелерге, окуучуларга коомдук-социалдык тажрыйбаларды өздүк тажрыйбага айландырууга, эмгекке үйрөтүүгө ж.б. көңүл бөлүнгөн.

“Адептүүлүктүн башаты – татыктуу тарбия” 6-класс үчүн методикалык колдонмодон балдарды үй-бүлөдөгү жана коомдогу жашоого даярдоо үчүн сунуштар берилген. Колдонмо окуучуларды тарбиялоодо сылык-сыпаа мүнөздү күтүүгө, үй-бүлөдө ата-энени сыйлоо ж.б. кеңири айтылган.

“Туура тарбия – ийгиликке өбөлгө” 7-класс үчүн бул методикалык колдонмодо – окуучуларды табигат менен таттуу мамиледе болууга, экологиялык маселелер менен күрөшүүгө, адамдардын бири-бири менен мамиле түзө билүүсүнө, ар кандай мүнөздөгү адамдар менен баарлаша билүүгө, бул жашоодо алдына максат коюп жашоого жардам берет.

Окуучуларды турмушта ниети таза, пейили кең, ыйманы толук, абийирдүү, калыс, боорукер, сабырдуу, улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган,  жашоодо баардыгын бирдей караган калыс, достукка, курбулукка  бекем, жолдоштукка ынак адамдардан болууга үндөйт. Ошондой эле ниети бузук,  ичи тар, көрөалбас адамдардан оолак болуп,  мындай терс мүнөздөрдү күтпөгөнгө  чакырат.

“Тарбиянын жакшысы тагдырдын ачкычы” 8-класс үчүн бул методикалык колдонмодо окуучулардын акыл-ой байлыгын өстүрүүгө, билим алууга, маданияттуу сүйлөөгө, адамдарда терс сапаттар болгон мактанчаак, көйрөңдүк, текеберчиликтен алыс болууга, турмушта сарамжалдуулук, үнөмдүлүк менен оокат кылууга, адептүүлүктүн мыйзамдарына, калп айтып, алдамчылык кылуудан оолак болууга тарбиялайт.

Айтылып кеткен методикалык колдонмолор менен Кыргыз билим берүү академиясынын илимий китепканасынан таанышсаӊыздар болот.

fb-share-icon

Один комментарий к Алымбаева Берметгүл Бекешовна колдонмолорун сунуштайт

  1. Ишинизге ийгилик эжеке. Ушул китептерди онлайн окууга мумкунчулук барбы?

    Постоянная ссылка

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial