2019-жылдын 28 июнунда Кыргыз билим берүү академиясында Технология, искусство жана дене маданияты тармагынын маселелери лаборатория башчысынын милдетин аткаруучу, ага илимий кызматкер Ж. С. Дуйшеналиев « Музыка предметинин стандарты, программасы, мазмундук тилкелери жана предметтик компетенттүүлүктөр» деген аталышта жалпы билим берүүчү орто мектептердин Музыка мугалимдери менен КББАнын аспиранттары үчүн ачык лекция өттү. Лекцияда предметтик стандарттагы мазмундук тилкелер, компетенттүүлүктөр жөнүндө кеңири талкуу менен жүрдү.