2019-жылдын 5-декабрында саат 14.00дө КББАнын жыйындар залында “Манас” эпосунун күнүнө арналган “Улуу Манас – урпактардын руханий тиреги” аттуу иш чара болуп өттү.
Иш чараны КББАнын вице президенти У.Э. Мамбетакунов ачты.
“Манас” эпосу боюнча китептер көргөзмөсү уюштурулуп, конокторго тааныштырылды.
Профессор С. О. Байгазиевдин “Манас” эпосу боюнча доклад окуду.
“Манас” чет өлкөлөрдө. п.и.к. З. К. Мурзалиева илимий иш сапарынан слайд коштолгон баяндамасы жасалды.
Иш чарага, Республикалык Түрк Анадолу лицейинин окуучулары, №77 орто мектебинин окуучулары, мугалимдери, “Манасчы” Нурбек Талантбековдор катышып,өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Иш чарага катышуучуларга көңүлдүү маанай тартууланды.
Кыргыз билим берүү академиясынын
«Технология, искусство жана ден соолук
маданияты тармактарынын
проблемалары» лабораториясы