КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Окуу китептеринин авторлорунун ассоциациясын түзүү

2020-жылдын 4-февралында Кыргыз билим берүү академиясынын демилгеси менен окуу китептеринин авторлору жана келечекте автор болууну каалаган элүүдөн ашык окумуштуу, педагогдор чогулду. Жыйында окуу китептеринин авторлорунун ассоциациясын түзүү маселеси талкууланды. Ассоциацияда авторлор тууралуу маалыматтык база түзүлүп, алардын потенциалын көтөрүү, окуу китептеринин сапатын жогорулатуу, өлкө ичинде жана эл аралык аренада башка уюмдар менен кызматташуу, автордук укуктарды коргоо маселелери талкууланды.

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти А.Д.Токтомаметов чогулушту ачып, окуу китептерди даярдоо жаатындагы көйгөйлөргө токтолуп, окуу китептеринин авторлорун бириктирген, иштерин координациялаган уюмдун жоктугунан улам, алардын укуктары бузулганда коргоосуз калууда деп билдирди.

Жыйында С.К.Рысбаев, К.Эсеналиева, М.Иманкулов, М.Касымалиев, Т.Матохина жана башкалар сүйлөп, мындай уюмду түзүүнүн зарылдыгын белгилешти. Жыйындын катышуучулары, ушундай уюмду түзүү зарыл деген сунушту колдоого алышты.

Жыйындын катышуучуларынын сунушу менен ассоциация түзүү боюнча демилелүү топ түзүү боюнча маселеси талкууланды. Демилелүү топтун мүчөлүгүнө жыйынга катышып отурган айрым адамдардын талапкерлиги көрсөтүлдү. Сунуш кылынган талапкерлер жыйындын катышуучулары тарабынан талкууланып, 12 адамдан турган демилгелүү топ түзүлдү.

Демилгелүү топтун алгачкы уюштуруу отуруму өткөрлүүп, анда топтун жетекчилигине Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейдин (мурдагы № 5 Улуттук компьютердик гимназия) директору М.Касымалиев шайланды. Отурумда жакынкы мезгил үчүн уюштуруу топтун иш планы бекитилип, уюмду түзүү, анын уставын жана башка ага тиешелүү документтерди даярдоо, ассоциация мүчөлөрү үчүн окууларды өткөрүү иштери макулдашылды.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial