КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Жалпы билим берүүчү орто мектептердин директорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, класс жетекчилери үчүн методикалык жардам

Кыргыз билим берүү академиясы педагогика илими жана кесиптик  билим берүү борборунун Билим берүүнүн жана тарбиялоонун теориясы жана практикасы лабораториясында класстык тарбиялык сааттардын болжолдуу тематикалар боюнча иштелмелер электрондук пдф форматта түзүлүп КББАнын сайттына жайгаштырылат

www.kao.kg  электронные ресурсы

 

Класстык тарбиялык сааттардын болжолдуу тематикалары

5-11-класс,  4 чейрек 2020-ж.

 

класс тема

5-класс

 7 саат

 

1 Ата-эне жөнүндө баллада.
Үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн  этикасы.
2 Конок күтүүнүн жана  кожоюн болуунун адеби. 
3 Жакшылыкка жакшылык,
жакшы адамдын иши
4 Улуу Жеңиш унутулбайт!
5 Өнөрлүү өлбөйт
6 Менин сүйгөн кесибим
7 Жылдык жыйынтыктоо

6-класс

 

7 саат

 

1 Эне  тилин  билбеген  эси  жогун  аныктайт  (Байдылда Сарногоев).  Тилин  унуткан  эл  келечегин  жоготот,  улут  катары  жок  болуп  кетет. Эне  тилин  сүйүүгө үйрөтүүгө карата маек. 
2 Балдар менен кыздардын өз ара мамилеси.  Жыныстык тарбия. Сый болуу.  Кыздарды  сыйлоо.  Сыйга  сый  жарашат,  сый  билбеген  адашат.  Балагатка  жеткен балдардын (кыздардын) адеби.
3 Адамзаттын азыгы – китеп.
4 Жалкоолук – жаман жорук.
5 Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!
6 Атына заты тѳп келген, чүрѳктѳй кѳлдѳр кимде бар?
7 Жылдык жыйынтыктоо

7-класс

 

7 саат

 

1 Менин  Ата-Мекенимдин  тарыхынын  үй-бүлөнүн  тарыхына  тийгизген  таасири. Ата-Мекендин оору-соолугунун адамга, үй-бүлөгө таасири.
2 Ичи тардык, көрө албастык, ниеттин бузулганы, пейилдин тарышы. Ниеттин  аласы – Кудайдын балаасы. Булардын адамга, коомго зыяны.
3 Дене тарбия – ден-соолукка дары.
4 Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!
5 Кыргызстандын экологиялык маселелери, аларды кантип чечүү керек?
6 Эмгегине жараша адамдын өнмөгү
7 Жылдык жыйынтыктоо

8-класс

 

7 саат

 

1 Калп айтуу, жала жабуу, алдамчылык. Калптын казаны кайнабайт, жалганчы  жарыбайт.  Булардын адамга, коомго, мамлекетке зыяндуулугу.
2 Адептүүлүктүн мыйзамдары. Уяттуулук жана уятсыздык, абийирдүүлүк жана  абийирсиздик,  намыстуулук жана намыссыздык, урмат  сыйга  ээ болуу  жана  урматтан калуу, калыстуулук жана калыссыздык.
3 Улуу Жеңиш унутулбайт!
4 Билим гана адамды эркин, кесипкөй жана бийик кылат
5 Экономикалык тарбия.
6 Дени сактын – коому сак
7 Жылдык жыйынтыктоо

9-класс

 

7 саат

 

1 Турмуштун адептик мыйзамдары. Кайдыгер болбо. Толеранттуу бол. Сен  сыйласаң сени да сыйлашат. Сезимтал, сергек бол. Адамды көңүл коюп ук,  көңүлүн калтырба.  Камкордук. Кылдаттык.
2 Адамдын табияты.  Аң-сезимдүүлүк, акыл-эстүүлүк, сезимталдуулук,  кыраакылык. Ата-Мекенди, элин, үй-бүлөсүн сүйүү.  Булардын  жетишсиздигинин кесепети.
3 Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!
4 Кесип тандоого көмөктөшөсүзбү?
5 Эмгектин тартибин сактоо – ийгиликтин өбөлгөсү
6 Ийгиликтин душманы – жалкоолук
7 Жылдык жыйынтыктоо

10-класс

 

7 саат

 

1 Көз карандылык деген эмне, андан кантип кутулууга болот?  Тамекиден, ичимдиктен, баңгизаттан, компьютердик оюндардан, музыкадан,  саясаттан, каражаттан, аң-сезимден, дары-дармектен, соргоктуктан ж.б. көз  карандылык. Анын натыйжасы. Ага кабылбоонун, андан кутулуунун жол- жобосу.
2 Адамзаттын глобалдык проблемасы – ВИЧ/СПИД. Адамзаттын жашоосунда  венерологиялык ооруулардын залалы. Мындай проблемадан алыс жашоонун  зарылдыгы
3 Адамзаттык баалуулуктар деген эмне? Адамдын өмүрү – жогорку баалуулук.  Баалуулуктар жана моралдык милдет. 
4 Улуу Жеңишке 75 жыл!
5 Тарыхты танганың, тамырсыз калганың
6 Ой-соолук маданиятынын мааниси
7 Жылдык жыйынтыктоо

11-класс

 

7  саат

 

1 Акылмандуулук,  даанышмандуулук.  Акылман  адам  –  ай  чырайлуу,  бал  сөздүү  болот.  Акылман  элди  баштаса  өргө,  акылсыз  баштаса  чөлгө.  Акылмандык бар жерде, акыйкаттык бар.
2 Өспүрүмдөрдө туура көз караштын, ынанымдын калыптанышынын мааниси.   Туура эмес көз караштагы, ынанымдагы жаштар туура  эмес ой жүгүртүшөт.  Анын финалы – рухий кризис.
3 Жаман ойлордун зыяндуулугу, позитивдүү (туура, ырас, жакшы) ой менен  жашоонун мааниси.    
4 Улуу Жеңишке 75 жыл!
5 Экстремизм,  радикалдуу, деструктивдүү  коомдор.  Ишенимдин  туура  эмес  калыптанышы, анын зыяндуулугу. Секталарга (шиа, бахаи, ахмедия, баптист,  иеговист,  мун,  сайентолог,  сатанист  ж.б.),  псевдомаданий  (оккультизм,  экстрасенсорика, сыйкыр ж.б) окуулардын зыяндуулугу.
6 Окучуларда оптимисттик көз карашты калыптандыруунун мааниси
7 Жылдык жыйынтыктоо

 

 

Тарбиялык иштердин программасы жана методикалык колдонмолор

КББАнын сайттында жайгаштырылган

www.kao.kg  передовой опыт

 

Тарбиялык иштердин программасы / түзгөндөр: Жумабаева Г.А., Алымбаева Б.Б. Жалпы билим берүүчү орто мектептердин директорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, класс жетекчилери үчүн методикалык колдонмо. – 5-11-класс – Бишкек, КАО. – 2016. – 29-б.

http://kao.kg/wp-content/uploads/2019/10/.pdf

 

Жумабаева Г.А. Тарбиялык сааттардын иштелмелери. 8-класс. Класс жетекчилер, тарбия завучтары үчүн усулдук колдонмо. – 2019. – 66-б.

http://kao.kg/wp-content/uploads/2019/12/.pdf

 

Жумабаева Г.А. Тарбиялык сааттардын иштелмелери. 9-класс. Класс жетекчилер, тарбия завучтары үчүн усулдук колдонмо. – 60-б.

http://kao.kg/wp-content/uploads/2019/12/.pdf

 

Тарбиялык сааттардын жана класстан тышкаркы иш-чаралардын иштелмелери: жалпы билим берүүчү мектептердеги 9-11-класстардын класс жетекчилери үчүн методикалык колдонмо / Г.А. Джумабаева, Г.Ж. Карагозуева, И.И. Воронина ж.б. – Б., 2015. – 160 б.

http://kao.kg/wp-content/uploads/2019/10/KG-version.pdf

 

Разработки классных часов по воспитательной работе и внеклассных мероприятий: методическое пособие для классных руководителей 9-11 классов средних общеобразовательных школ / Г.А. Джумабаева, Г.Ж. Карагозуева, И.И. Воронина и др. – Б., 2015. – 150 с.

http://kao.kg/wp-content/uploads/2019/10/.pdf

 

лаб. башчысы, п.и.к., ага и.к.

Супатаева Эльвира Акиновна

 

fb-share-icon

3 комментария к Жалпы билим берүүчү орто мектептердин директорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, класс жетекчилери үчүн методикалык жардам

  1. Мектеп жетекчилерине аралык окуу болушу абдан жакшы.Ишибизге ийгилик!

    Постоянная ссылка
  2. орус тилинде класстык сааттардын иштелмелери барбы?

    Постоянная ссылка
  3. эн сонун

    Постоянная ссылка

Добавить комментарий для Тамара Отменить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial