2020-жылдын 7-сентябрында Республикадагы жалпы билим берүү уюмдарынын тарых, адам жана коом предметтери боюнча мугалимдерине “Пандемиянын шартында мектептик тарыхый билим берүүнү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” деген аталышта Республикалык вебинар болуп өттү. Вебинардын уюштуруучулары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясы болду. Вебинардын докладчылары:
1.Иманкулов М.К. – Кыргыз билим берүү академиясынын Социалдык-гуманитардык билим берүү тармагынын маселелери лабораториясынын жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты.
2.Козубаева Б.У. – Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери.
Аталган теманын негизинде тарых, адам жана коом предметтери боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар берилип, суроо-жооптор болду.
Ошондой эле музыка предмети боюнча “Музыка предметинин учурдагы абалы жана келечеги” деген аталышта Республикалык вебинар болуп өттү. Вебинардын докладчылары:
- Дуйшеналиев Ж.С. – Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери, музыка таануучу.
- Мамытова М. – Аламүдүн районуна караштуу Генерал С.Самсалиев атындагы Жогорку Аларча орто мектебинин музыка предмети боюнча мугалими, КББАнын сырттан окуу бөлүмүнүн 1-курсунун аспиранты.
Аталган теманын негизинде вебинар үч бөлүктө өттү.
- Пандемия учурунда музыка предметин окутуунун абалы жана мындан аркы келечеги тууралуу Ж.С. Дуйшеналиев кеңири маалымат берди.
- Пандемия учурунда музыка предметин окутуу боюнча кыскача практикалык сунуштарды М. Мамытова берди.
- Жыйынтыктоочу бөлүктө Республика боюнча музыка предмети боюнча болуп жаткан жаңы сабактардын үлгүлөрү менен он-лайн аркылуу мугалимдердин тажрыйбаларын бири-бирине берип бөлүшүп туруу, учурда маанилүү экендиги экендиги айтылып, аны ишке ашыруу боюнча ар бир райондун секция жетекчилерине тапшырылды.
Маалыматты даярдагандар:
Мансапова Г.
Дуйшеналиев Ж.
Козубаева Б.