КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Азыркы учурдагы тарбиялоонун өзгөчөлүктөрү

         Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү демилгеси боюнча Кыргыз Билим берүү академиясы тарабынан уюштурулуп жаткан вебинарлар сериясы бүгүн 15-сентябрда тарбия иштери боюнча кезектеги вебинарын өткөрдү.

         Вебинарга педагогика илимдеринин доктору, профессор Добаев Кыргызбай Душенбекович,  педагогика илиминин кандидаты, ага илимий кызматкери Жумабаева Гулайым Абдысаматовна, илимий кызматкерлер Алымбаева Бермет Бекешовна, Мансапова Гулира жана педагогика илимдеринин кандидаты, ага илимий кызматкери Супатаева Эльвира Акиновна катышышты.

         Тарбияда  эң актуалдуу маселелердин  бири “Азыркы учурдагы тарбиялоонун өзгөчөлүктөрү” деген теманын негизинде уюштурулган вебинарга республиканын мугалимдери, тарбия иштери боюнча завучтар, класс жетекчилер,  соцпедагогдор жана психологдор катышты.

          Вебинарда тарбия маселесинин учурдагы абалы, аны чечүүнүн жолдору, тарбия боюнча жазылган концепция, үй-бүлөдөгү тарбиянын өзгөчөлүктөрү, мигрант балдардын тарбиясы¸ ата-энеден өксүп калган балдардын тарбиясы, балдардын эрте жашынан кылмыштуулукка аралашышы ж.б. маанилүү иштер баяндалды.

Баса белгилеп кетчү нерсе, вебинарлардын видеоматериалдары Академиянын сайтында (www.kao.kg) жана Youtube каналында “Кыргыз билим берүү академиясы” жайгаштырылат.

         Ошондой эле мугалимдер үчүн тарбия иштерине байланыштуу маалыматтар берилди. Вебинардын катышуучулары берилген суроолорго жоопторду ала алышты.

        

Маалыматты даярдаган: Мансапова Г.М., Супатаева Э.А.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial