2020-жылдын 16-сентябрында саат 10:00 до Кыргыз билим берүү академиясында “Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары” илимий-педагогикалык актуалдуу маселелерди чагылдырган журнал жөнүндө маалымат” деген темадагы онлайн вебинар болуп өттү.
Вебинардын катышуучулары:
- “Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары” журналынын башкы редактору Мамытов Абакир Мамытович,
- “Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары” журналынын жоопту катчысы Дербишова Назира Асанкуловна,
- КББАнын Аспирантура бөлүмүнүн башчысы Бейшенбаева Бүбүсара Тураровна.
Вебинарда окумуштуулук даражаны изденүүгө коюлган диссертацияларга талаптар жана баалоо критерийлери тууралуу маалымат берилди.
“Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары” журналы жөнүндө жана ага басып чыгарылуучу макалаларга болгон талаптары, журналды кандай сайттардан (KAO.kg, eLIBRARY.ru, VAK.kg) көрө алыша тургандарын көргөзүлүп айтылды.
“КББА кабарлары” журналы жөнүндө жана ага басып чыгарылуучу макалаларга болгон талаптары боюнча презентация.