КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Тарбиядан акча аябайлы

Кыргыз билим берүү академиясы жана Марал радиосу, 24 Тв каналы менен биргеликте уюштурган  “Тарбияда танапис жок” көрсөтүүсүнүн коноктору Кыргыз билим берүү академиясынын Окуу методикалык колдонмолорду экспертизалоо жана апробациялоо бөлүмүнүн башчысы Жаанбаев Сейит жана С.Чуйков атындагы көркөм өнөр колледжинде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Жаманова Венера “Тарбиядан акча аябайлы” деген темада  тарбия берүүдөгү көйгөйлөр, аларды кантип алдын алуу керектиги  тууралуу айтып беришти.  

Тарбия маселеси бүгүн гана чыга калган маселе эмес. Сен баланы тарбиялайм деп убара болбо, бала сени көрүп тарбияланат деп айтылат. Тарбияга жаңы өзгөчөлүү иш аракет менен кирүү керек. Тарбияга бөлүнгөн каражатты туура пайдаланалы   – деген ойду  С. Жаанбаев билдирди. 

Тарбияны бала кайдан алат? Мектеп тарбия берүүнүн бир гана бөлүгү. Бала тарбияны коомдон, чөйрөдөн алат. Сөз үйрөтөт, үлгү ээрчитет. Биздин өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муундарга биздин жүрүм-турумубуздүн өзү үлгү  – деп, өз оюн  В.Жаманова айтып берди.

Көрсөтүүнү толугу менен Кыргыз билим берүү академиясынын YouTube каналынан көрө аласыздар.

                                                                                                     Мансапова Гулира

 

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial