КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Балдардын маалымат коопсуздугу

Кыргыз билим берүү академиясы жана Марал радиосу, 24 Тв каналы менен биргеликте уюштурган “Тарбияда танапис жок” көрсөтүүсүнүн коноктору И.Арабаев атындагы КМУнун маалыматтык технологиялар жана компьютердик технологияларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Мокешов Жолдош жана №67 мектептин информатика мугалими Аскар кызы Лира “Балдардын маалымат коопсуздугу” деген темада маалымат коопсуздугу деген эмне, ата-эне баланын чөнтөк телефонун кантип көзөмөлдөй алат, ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты кантип бекемдөөгө болот деген маселенин негизинде кеп-кеңештерин берип, кызыктуу маек куруп беришти.

Балага жаңы смартфон сатып берүүдө ата-энелер да балдардын коопсуздугун ойлоп, атайын программаларды көчүрүп алуусу керек. Жаңы смартфонду алганда аккаунт түзүлөт. Биз ошол аккаунт аркылуу балдарыбыз кандай маалыматттарды алып жатат, кайсыл видеолорду кызыгып көрөт, сабак окугандан тышкары, өз алдынча калганда эмне менен алектенет деген суроолорго жооп таба алабыз – дейт Мокешов Жолдош.

Ал эми информатика мугалими Аскар кызы Лира маалымттык технологиялар адам баласынын жашоосун жеңилдетүүгө багытталган. Биз пайдалуу жагын алып, зыяндуу жагынан өзүбүздү чектешибиз керек. Маалымат коопсуздугунун сактоонун эрежелерин үйрөнүшүбүз зарыл – деген ойду айтып өттү.

Көрсөтүүнү толугу менен Кыргыз билим берүү академиясынын YouTube каналынан көрө аласыздар.

Мансапова Гулира

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial