2021-жылдын 28-январында КББАнын Билим берүүдөгү жетишкендиктерди мониторинг жасоо жана баалоо лабораториясынын кызматкерлери Тагаева Г.С., Ажыкулова Н.Б. «Сейтек» башталгыч мектебинин мугалимдерине «Кыргызстандын окуучуларын PISA-2025» ке даярдоо боюнча семинар өттү. Мугалимдерге PISA тесттеринин үлгүлөрү Google-формада берилип, мугалимдер аткарып көрүштү. Алдыда дагы Бишкектин мектептери менен семинарлар өтүлүп, тест түзүү боюнча татыктуу жана каалоочу мугалимдерден жумушчу топ түзүлөт.
Диаграммада көрсөтүлгөн компьютердик тесттин жыйынтыгы окуучулар эле эмес, мугалимдерди дагы PISA изилдөөсүнө даярдоо зарылдыгын айгинелеп турат.