Кыргыз билим берүү академиясынын «Табигый-математикалык билим берүүнү
модернизациялоо» лабораториясынын башчысы, педагогика илимдеринин
кандидаты Рыспаева Бактыгул Ыссык-Ата районунун «Химия» предметинин
мугалимдерине семинар өттү.
Семинардын негизги максаты, мугалимдерди химияны окутуунун жаӊы
технологиялары менен тааныштыруу.
Рыспаева Б.С. белгилегендей: «Семинардын учурунда россиянын белгилүү
химик окумуштуулары Кузнецова Л.М., Москва В.В. менен биргеликте
даярдалган «Химия» 10-класстардын окуучуларына арналган окуу
китебинин мазмуну, анын өзгөчөлүгү жана иштөө ыкмалары менен
тааныштырдым. О.э. мугалимдердин суроолоруна кенен жооптор берилди».
Семинарда химия предметинин мугалимдери активдүүлүгүн жана кызыгуусун
суроолор аркылуу көрсөтүп атышты.
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти профессор
Мамбетакунов У.Э. бегилегендей, авторлор коллективинин «Химия» окуу
китебинин өзгөчөлүгү – бул жергиликтүү материалдардын негизинде
түзүлгөндүгү. Химия эксперименталдык илим болгондуктан үй шартында
аткарылуучу эксперименттер дагы камтылган. О.э. китептин мазмуну
Кыргыз Республикасынын «Химия» предметинин стандартына толук жооп
береерин баса белгилеп кетүү керек. Аталган окуу китеби быйылкы окуу
жылында жарык көрүп, мугалимдердин жылуу пикирлерине ээ болууда».