КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Борбор Азиядагы изилдөөлөрдүн материалдары (уландысы)

Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү боюнча ченөө жүргүзүлгөндөн кийин Ош эң төмөнкү натыйжаны көрсөттү

 

Кыргызстандагы калкынын саны боюнча экинчи орундагы шаар сапаттуу орто билим алуу мүмкүнчүлүктөрүндөгү теңсиздик индекси боюнча рейтингде эң акыркы орунга ээ болду. Ош, тактап айтканда, окутуу шарттарын баалаган критерий боюнча өлкөдөгү эң төмөнкү көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Сапаттуу билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу эң жагымдуу кырдаал Нарын облусунда түзүлгөн.

Сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүндөгү теңсиздик индекси (Index of Disparity in Access to Quality Secondary Education IDAQSE) атайын Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чек аралар аралык иликтөөчүлөр тобу тарабынан «PaperLab» КФнун жетекчилиги астында иштелип чыккан. Анын негизин мамлекет түздөн-түз таасир эте ала турган бир катар ченөөгө боло турган расмий көрсөткүчтөр түзөт. Кыргызстандын көрсөткүчтөрү үч топко бөлүнгөн: «окуу шарттары», «билим берүүнун акторлору», «МКТдын жеткиликтүүлүгү».

«Окуу шарттары» критерийине үч көрсөткүч киргизилген: үч смен менен окуган мектептердин үлүшү, авариялык абалдагы мектептердин үлүшү, дааратканалары короодогу мектептердин үлүшү. Бул саналган көрсөткүчтөр боюнча эң аянычтуу кырдаал Ошто түзүлгөн. Нарын облусунда, тескерисинче, сапаттуу билим алуу үчүн эң мыкты шарттар бар. 

«Билим берүүнүн акторлору» критерийи өз ичине төрт көрсөткүчтү камтыйт: жогорку билимидүү мугалимдердин үлүшү; жогорку билимдүү бир мугалимге туура келген окуучулардын саны; мугалимдин орточо айлыгынын жалпы региондогу орточо айлыкка карата катышы; 11-класстан кийин окуусун уланткан бүтүрүүчүлөрдүн үлүшү. Бул көрсөткүч боюнча башкы аутсайдер Ысык-Көл облусу, ал эми лидерликте — Баткен облусу.

«МКТдын жеткиликтүүлүгү» критерийи да төрт көрсөткүчтөн турат: интернетке кошулган мектептердин үлүшү; бир мектеп компьютерине туура келген окуучулардын саны; интернет кызматтарынын акысы менен региондогу орточо айлыктын өз ара катышы; эң арзан ноутбуктун баасы менен жалпы региондогу орточо айлыктын катышы. МКТ жеткиликтүүлүгү боюнча эң жогорку көрсөткүчкө борбор калаа ээ болгон, ал эми эң төмөн көрсөткүч – Ош облусунда.

Индекс  Сорос-Казахстан Фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Борбор Азия мамлекеттеринин билим берүү жаатындагы теңсиздиктин жаңы кырлары: көйгөйдү өлчөгөндөн баштап, саясатты өзгөртүүгө чейин» долбоорунун алкагында иштелип чыкты. Иликтөө иштеринин мазмуну авторлордун көз карашын чагылдырат жана ал Фонддун көз карашы менен дал келбеши мүмкүн. Долбоордун медиаөнөктөшү MediaNet Эл аралык журналистика борбору.

 

Тиркеме

 

Региондор Окуу шарттары Билим берүүнүн акторлору МКТ жетиликтүүлүгү Үч критерий боюнча бардыгы
Баткен облусу 51,0 61,4 65,6 59,3
Бишкек 29,5 57,8 88,3 58,5
Жалал-Абад облусу 43,0 45,1 71,9 53,3
Ысык-Көл облусу 57,7 42,7 73,1 57,9
Нарын облусу 61,3 60,0 71,5 64,3
Ош 18,8 47,4 75,3 47,2
Ош облусу 49,8 58,4 62,4 56,9
Талас

облусу

39,9 50,9 74,7 55,2
Чүй облусу 58,3 44,1 69,7 57,4
Кыргызстан 48,0 47,5 76,5 57,3

Бардык позициялар боюнча эң көп — 100 балл

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial