КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

“Каттар марафону” Кыргызстанда

2021-ж. 28-29-октябрь күндөрү Бишкек шаарында республиканын бардык региондорунан чогулган 18 мугалим Amnesty International  уюмунун Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте уюштурган Адам укуктары жана “Каттар марафону” аралаш курсунан өтүп, өз билимдерин жогорулатып кайтышты. Эки күнгө созулган тренинг маалыматтарга бай болуп, интерактивдүү методдордун негизинде сабактар өтүлдү.

28-29-октябр күндөрү Amnesty International – Эл аралык Мунапыс уюму Кыргызстандагы мугалимдер үчүн Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте уюштурган Адам укуктары боюнча II Аралаш курс жана “Каттардын марафонун” өткөрдү. “Каттар марафону” адам укуктарын коргоо боюнча дүйнөдөгү эң ири кыймыл. Amnesty International уюму жыл сайын эркин көз карашы, сөзү жана ой-пикири үчүн куугунтукка, кыйноого кабылган жана түрмөгө кесилген адамдарды коргоп «Каттар марафону» кампаниясын өткөрөт. 2001-жылы 2326 кат жазылса, 2020-жылы адам укуктарынын бузулушунан жапа чеккендерди колдоо жана коргоо үчүн дээрлик 4,5 миллион кат жазылган. Amnesty International адам укуктарын коргоого гана чакырбастан, Amnesty Academy платформасында Адам укуктары боюнча иштелип чыккан онлайн курстарды да сунуштайт. Эки күндүк тренингде мугалимдер адам укуктары боюнча онлайн жана оффлайн курстарынан өтүп, украиналык кесиптештеринин тажрыйбасы менен таанышышты. Соңунда сертификаттарды жана Адам укуктары боюнча методикалык материалдарды алышты.

 

“Марафон писем” в Кыргызстане

2021 г. 28-29 октября 18 учителей из всех регионов страны участвовали в тернинге II смешанного курса по правам человека и “Марафона писем”, организованного Amnesty International в сотрудничестве с Кыргызской академией образования. Двухдневный тренинг был информативным и основан на интерактивных методах.

С 28 по 29 октября прошла II Смешанный курс по правам человека и “Марафону писем” – для учителей Кыргызстана, организованный Amnesty International в сотрудничестве с Кыргызской академией образования. “Марафон писем” – это крупнейшая в мире правозащитная акция. Каждый год организация Amnesty International проводит акцию “Марафон писем”, защищая людей который подверглись гонению, пыткам и заключению из-за своих свободных взглядов, слов и мыслей. В 2001 году было написано 2326 писем, а в 2020 году почти 4.5 миллионов писем для поддержки и защиты кто пострадал от нарушений прав человека. Amnesty International не только призывает зашитить права человека, но и предлагает пройти онлайн курсы, разработанные программой HRE Amnesty International – по правам человека на платформе Amnesty Academy. В двухдневном тренинге учителя прошли онлайн и офлайн курсы по правам человека, и познакомились опытом Украинских коллег. В завершении получили сертификаты и методические материалы по правам человека.

 

 

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial