21-ФЕВРАЛЬ –ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ карата «ТИЛ – ДОСТУКТУН АЧКЫЧЫ» темасынын алкагында КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясы, РПККЖжКДИнин филологиялык билим берүү кафедрасы жана курстун угуучулары менен адабий иш-чара жана «Кыргыз тили жана адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу тегерек стол 2022-жылдын 18-февралында болуп өттү.
Иш – чаранын жүрүшүн филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы п.и.к., проф. К. Э. Эсеналиева, КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү башчысы п.и.к. А. Б. Батыркулова ачып, куттуктоо сөзүн РПККЖжКДИнин директору А. Д. Токтомаметовго берди. Андан соң КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери п.и.д., профессор С. К. Рысбаев, КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери п.и.д., профессор А. Т. Турдугулов Эл аралык эне тил күнү менен куттукташты.
Программа боюнча 1-бөлүк кыргыз тили, орус тили курстарынын угуучуларынын мазмундуу, кызыктуу адабий-музыкалуу концерти менен улантылды. 2-бөлүк «Кыргыз тили жана адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери» деген темадагы тегерек столдо угуучулар стандарт, программа, окуу китеби, кыргыз тилине бөлүнгөн сааттар, окутуудагы көйгөйлөр, ПИЗА тестине даярдык боюнча суроолор берилди. КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын илимий кызматкерлери С. К. Рысбаев, А. А. Турдугулов, А. Б. Батыркулова жооп беришти. Иш-чара мазмундуу, жемиштүү өттү.
ЯЗЫК – КЛЮЧ К ДРУЖБЕ
18-февраля 2022 года в рамках Международного дня родного языка, который отмечается 21 февраля, лаборатория развития государственного языка КАО совместно с кафедрой филологического образования РИПК и ППР и слушателями курса прошло литературное мероприятие “Язык – ключ к дружбе” и круглый стол на тему “Актуальные вопросы преподования кыргызского языка и литературы”.
В ходе мероприятия заведующий кафедрой филологического образования к.п.н., проф. К. Э. Эсеналиева, начальник по развитию государственного языка КАО к.п.н. А. Б. Батыркулова попривествовали всех участников мероприятия и дали слово для поздравления директору РИПК и ППР А. Д. Токтомаметову. Затем главный научный сотрудник лаборатории развития государственного языка КАО д.п.н., профессор С. К. Рысбаев, главный научный сотрудник лаборатории развития государственного языка КАО д.п.н., профессор А. Т. Турдугулов поздравили всех с Международным днем родного языка.
Первая часть программы прошла содержательным, интересным литературно-музыкальным концертом слушателей курсов кыргызского и русского языков. Во второй части на круглом столе на тему “Актуальные вопросы преподования кыргызского языка и литературы” обсуждались актуальные вопросы преподования кыргызского языка и литературы. Научные сотрудники лаборатории развития государственного языка КАО С. К. Рысбаев, А. Т. Турдугулов, А. Б. Батыркулова ответили на вопросы слушателей о стандартах, программах, учебниках, часах обучения по кыргызскому языку, проблемах в обучении, подготовке к PISA.
А. Батыркулова
Г. Мансапова