КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

МААЛЫМАТТЫК КАТ

Кыргыз Республикасынын 2021-2040-жылдарда билим берүү системасын өнүктүрүү программасындагы санариптештирүү боюнча маселелерди практикалык жактан чечүү максатында  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи 2022-жылдын 7-майында Бишкек шаарында «Санариптик трансформациялоо процессинде мектептик билим берүүнүн сапатын көтөрүү» деген темада Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт.

Конференцияга кыргызстандык жана чет элдик окумуштууларды, жогорку окуу жайлардын, жалпы билим берүү мектептердин, орто кесиптик окуу жайлардын мугалимдерин, аспиранттарды, изденүүчүлөрдү жана магистрлерди конференцияга катышууга чакырабыз.

Конференциянын негизги максаты – жалпы билим берүүчү мектептердин окуу процессинде санариптик технологияларды колдонуунун жаңы илимий-практикалык жыйынтыктарын талкуулоо, о.э. билим берүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу боюнча идеялар, практикалык көндүмдөр менен тажрыйбаларды алмашуу жана МЕКТЕП – ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫ ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, жаңы байланыштарды түзүү жана билим берүү тармагында санариптик технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу.

 

Конференция төмөндөгүдөй тематикалык багыттарда өтөт:

  1. Улуттук баалуулуктарга негизделген мектептик билим берүү процессин санариптештирүүнүн алгылыктуу практикалык тажрыйбалары.
  2. Онлайн-окутуу процессиндеги баалоо: проблемалар жана аларды чечүү жолдору.
  3. Технологиялык жана санариптик окутуу шартында педагогикалык коомчулуктун өз ара сеттик байланыштары.
  4. Мектептик билим берүүнү санариптик трансформациялоо процессинде электрондук окутуу ресурстарынын сапатын көтөрүү.
  5. STEM-билим берүү: мааниси, мазмуну жана аны ишке ашыруу жолдору.

 

Конференцияга катышууга каалоочулардын тезис-докладдары, макалалары, билдирмеси электрондук вариантта 2022-жылдын 20-апрелине чейин nlsit2022@mail.ru электрондук почтасына кабыл алынат (Катышуучунун билдирмесинин үлгүсү тиркелет).

“КББАнын кабарлары” илимий журналынын талаптарына туура келген конференциянын материалдары журналдын кезектеги чыгарылышына жана КББАнын сайтына (www.kao.kg) акы төлөмү менен кабыл алынат же катышуучунун каалоосу менен конференциянын материалдары өзүнчө брошюра болуп чыгарылат (төлөмү менен).

Катышуучулар илимий журналга макалаларды кабыл алуу талаптары менен таанышып коюулары зарыл (Тиркеме – 2.), шилтеме: https://izvestia.kao.kg  

Конференциянын тили – мамлекеттик жана расмий.

Коференцияга катышуу жана материалдарды жөнөтүү маселелери боюнча суроолор болсо уюштуруу комитетине кайрылууга болот:

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., проспект Эркиндик, 25. каб, 21. Кыргыз билим берүү академиясы.

Байланыш: Мансапова Гулира Мансаповна – mansapovag@bk.ru моб.: +996703398713.

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Токтогул көч. 68, каб. 312, 214. Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи.

Байланыш: 1) Байзакова Гульмира Лесбековна – gulmira.bayzakova@mail.ru, моб. тел.: +996550084803; 2) Ибрагимов Жайнак Усенович – jaynakjaynak@gmail.com, моб.тел.: +996706555636; 3) Асанова Мелискан Бримкуловна – ameliskan@mail.ru, моб.тел.: +996709614415.

Тиркеме – 1.

КАТЫШУУЧУНУН БИЛДИРМЕСИ

Конференцияга катышуу билдирмесин 2022-жылдын 20-апрелинен кечикпей уюштуруу комитетинин дарегине жөнөтүлүшү зарыл.

Фамилия Автор 1 Автор 2 Автор 3
Фамилия, аты, атасынын аты      
Илимий даражасы      
Илимий наамы      
Иштеген/окуган жери      
Кызмат орду/курс      
Байланыш тел. Е-mail.      
Катышуу түрү (онлайн-офлайн)      
Макаланын аты  
Макаланын бетинин саны  
Багыты  

Тиркеме – 2.

“КББА кабарлары” илимий журналына жарыялануучу макалаларга коюлган талаптар:

Автордук нускага коюлган талаптар

Формат – МS Word. Гарнитура – Тimes New Rотап. Шрифттин көлөмү (кегль) 14. Аралык интервал одинарный. Абзацтык отступ 1,5. Поля все по 2 см. Көлөм: 6 дан 10 баракка чейин.

Тексттердин компоновкасы:

  • Макаланын башында авторлордун фамилиясы менен инициалдары, даражасы, наамы, иштеген кызматы, шаары, өлкөсү кыргыз, орус жана англис тилиндеги варианттар, электрондук дареги (шрифттин өлчөмү-14 кегль, каралжын түстө оң жагын түздөө менен).
  • Макаланын аталышы чоң тамгалар менен кыргыз, орус жана англис тилдеги варианттар (борбор боюнча түздөө).
  • Аннотация кыргыз, орус жана англис (Annotation) тилиндеги варианттар (шрифттин өлчөмү-12 кеглъ, беттин туурасы боюнча түздөө). Аннотациянын көлөмү 3-5 cүйлөм.
  • Түйүндүү түшүнүктөр: сөздөрдүн саны 5-8-кыргыз, орус жана англис тилиндеги варианттар (беттин туурасы боюнча түздөө).
  • Негизги текст адабияттын стилистикалык жана библиографиялык талаптарына дал келиш керек, беттин туурасы боюнча түздөө.

Макаланын мазмундук түзүлүшү:

  • Киришүү
  • Изилдөөнүн максаты
  • Изилдөөнүн методу
  • Негизги мазмуну
  • Корутунду
  • Адабияттар тизмеси. Адабияттардын тизмеси 5-10 булактарды камтып, аягында “КББА кабарлары” журналына шилтеме келтирүү.

Макала мурда башка булакта жарыяланбашы керек, же башка журналдарга жиберилбеши керек. Кабыл алынган макалалардын бардыгы рецензияланат. Талаптарга жооп бербеген макалалар жарык көрүүгө сунушталбайт. Кол жазмалар кайтарылбайт.

«КББА кабарлары» журналына басып чыгаруу акы төлөм менен.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial