2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз билим берүү академиясында тарыхчы окумуштуулардын, окутуучулардын жана мугалимдердин тегерек отуруму болуп, анда мектепте тарыхты окутуу темасы боюнча олуттуу маселе каралып, омоктуу ойлор айтылды. Тегерек отурумда бүгүнкү күндө тарых предмети кандай болушу керек, кандай окуу китептери окутулушу керек, окуу-усулдук комплекс кандай даярдалышы керек, окуу процессинде мугалимдин орду кандай болушу керек деген суроолор боюнча кызуу талкуу жүрдү.
Тарых предмети окуучулардын дүйнө таанымын жана көз карашын калыптандырат, мекенчилдик жана жарандык, Ата Мекенди урматтоо жана мекенге таандык болуу сезими сыяктуу инсандык сапаттарды тарбиялоодо чечүүчү ролду ойнойт. Ошондуктан ал мектептик окуу предметтеринин арасында өзгөчө орунду ээлеп турат.
Бүгүнкү күндөгү бүткүл дүйнөлүк маалыматтык жарылуудан улам адис эмес адамдар — чоң кишилер дагы, балдар дагы — тарых боюнча эбегейсиз көлөмдөгү маалыматтарды өз алдыларынча ала алышат. А бирок, ал адис эмес адамдар илимий билим менен илимий эмес билимдин ортосундагы айырманы аңдап туя алышпайт, алардын ортосуна чек коё алышпайт, калп-чынын аныктап биле алышпайт, алардын сапаттык айырмачылыктарын жеткиликтүү түшүнүшпөйт. Мындай жагдайда окумуштуу тарыхчылар жана окутуучулар, адис тарых мугалимдери гана жардамга келишет.
Мектептик билим берүү айдыңындагы тарыхый эмгек сапарыбыз байсалдуу болсун!
Элебесова А. Б., п.и.к., ж.и.к. Кыргыз билим берүү академиясы.
13 апреля 2022 года в Кыргызской академии образования состоялся круглый стол учёных историков и педагогов, на котором был затронут важный вопрос на тему преподавания предмета истории в школе. Круглый стол был посвящён тому, каким должен быть предмет истории сегодня, по каким учебникам следует преподавать, как подготовить учебное пособие и роль учителя в учебном процессе.
Предмет истории формирует мировоззрение и взгляд учащихся, играет ключевую роль в воспитании таких личностных качеств, как патриотизм и гражданственность, уважение к Отечеству. Поэтому он занимает особое место среди школьных предметов.
Сегодня все, как взрослые, так и дети, могут самостоятельно получить доступ к огромному количеству информации по истории. Однако многие не понимают разницы между научным и ненаучным знанием, не различают их, не знают истины, не понимают их качественных различий. В этом случае могут помочь только учёные историки и педагоги, а также профессиональные преподаватели истории.
Элебесова А. Б., к.п.н., в.н.с., Кыргызская академия образования.