7-майда Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын 2021-2040-жылдарда билим берүү системасын өнүктүрүү программасындагы санариптештирүү боюнча маселелерди практикалык жактан чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи тарабынан «Санариптик трансформациялоо процессинде мектептик билим берүүнүн сапатын көтөрүү» деген темадагы Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга КББАнын администрациясынын атынан Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү борборунун директору, п.и.к. А.М.Ниязова катышып, сөз сүйлөдү. Ал эми Заманбап билим берүүнүн технологиялары жана методикалык камсыздоо лабораториясынын башчысы Ибирайым кызы Айжан конференцияда модератор болду. КББАдагы бир катар илимий кызматркелер мазмундуу докладдары менен катышышты.
Ага илимий кызматкер Г.М.Мансапова