КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Кесипке багыт берүү үчүн мектептеги тарбия иштери боюнча программаны талкулоо / Обсуждение места профориентации в программе по воспитательной работе в школе

2022-жылдын 15-июнунда КР ББИМ, КББАнын кызматкерлери, билим берүү системасынын эксперттери, мектеп педагогдорунун тарбия иштери боюнча кесипке багыт берүүчү жумушчу топтун талкуусу болуп өттү, ал Кыргыз-герман GIZ  “Иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окууга көмөктөшүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

КР ББИМнин тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Токонова Индира Каныбековна талкууну ачып берди. Мониторинг жана баалоо боюнча адис Гүлназ Колсариева 2021-2023-жылдарга карата Кыргыз-герман GIZ  “Кыргызстанда иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окууга көмөктөшүү” долбоорунун иш тажрыйбасын сунуштады.

КББАнын Илимий изилдөөлөр, баалоо жана экспертиза  борборунун директору Иманкулова Макиль Токтогуловна жана “Глобалдык өзгөрүүлөр фондунун”  өкүлү Нурия Темирова мектептеги билим берүүдө кесиптик багыт берүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. 5-11-класстардын класс жетекчилери үчүн “Келечектеги кесипке болгон кадамдар” методикалык сунушу окуучуларды кесипке багыттоо боюнча класстык сааттардын сценарийлерин камтыйт. Класстык сааттарга методикалык материалдар: кесиптик жактан маанилүү инсандык сапаттардын диагностикасы жана өзүн-өзү аныктоо боюнча тесттер, резюме түзүү жана интервьюдан өтүү боюнча нускамалар, SWOT-анализ методикасы боюнча баалоо жана SMART техникасы боюнча максат коюу ж. б. тиркелет.

Нурия Темирова “Глобалдык өзгөрүүлөр фонду” https://gcf.kg/ сайтында кесип тандоо үчүн 100 суроону камтыган кесипке багыт берүү боюнча онлайн тестти презентациялады.

Коюлган максаттарга жетүү үчүн “Глобалдык өзгөрүүлөр фонду” төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзөт: кесипти аң-сезимдүү тандоого көмөктөшүү; мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын илгерилетүүгө көмөктөшүү; жарандарды социалдык колдоо жана коргоо.

Азиза Маматкулова “Youth of Osh”  долбоорунун алкагында эмпирикалык педагогиканын негизинде иштелип чыккан мектеп жаштарын окутуу үчүн  “СЕН/ТЫ/YOU” коомдук бирикмесинин 14 жылдан ашык иш тажрыйбасын жана “Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таанып билүү жана жеке өнүгүү” методикалык курсун сунуштады. Курс коомдогу жаш жана улуу муундардын ортосундагы ажырымды азайтууга жана бирдиктүү жамаатты түзүүгө көмөктөшүү максатында жаштардын өзүн-өзү өнүгүүсүн жогорулатууга жана окуучулар менен иштөөдө педагогикалык практиканы жакшыртууга багытталган. Курс педагогдорго, класс жетекчилериге, социалдык педагогдорго жана психолог-педагогдорго өспүрүмдөр боюнча жүргүзгөн иштеринин сапатын жогорулатууга жардам берүүгө багытталган.

“Ата-энелер мектеби” пилоттук долбоорунун мисалында ата-энелер менен балдардын ортосундагы байланыш көндүмдөрүн жакшыртуу жөнүндө “Инновациялык технологиялар жана билим берүү борборунун” директору Сапарбек Оморов айтып берди. Ал эми КББАнын жетектөөчү илимий кызматкери, п.и.к. Жумабаева Гүлайым Абдысаматовна жана ага илимий кызматкери Алымбаева Бермет Бекешовна тарбия иштери боюнча программаны жана 1-11-класстар үчүн методикалык колдонмолорду,  окуу куралдарын сунушташты.

№ 68 мектеп-гимназия мугалими Кожогулова Нуржан Сооданбековна жалпы билим берүүчү мектептердин 9-класстарында ийрим иши үчүн кесиптик багыт берүү программасынын 5 баскычтуу моделинин негизинде “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” программасынын “Эмгек рыногунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу” программасынын алкагында түзүлгөн окуучулар үчүн окутуунун натыйжаларын сунуштады.

Натыйжада мектептеги тарбия жана кесипке багыт берүү иштерин жакшыртууга тиешелүү маселелер талкууланды жана мындан аркы кызматташуунун жолдору белгиленди.

Супатаева Э.А., Мансапова Г.М.


15 июня 2022 года состоялась рабочая встреча сотрудников МОН КР, КАО, экспертов системы образования, педагогов школ по обсуждению места профориентации в воспитательной работе, которая была организованна при поддержке Кыргызско-германского проекта GIZ «Содействие занятости и профессиональному обучению».

С приветственным словом выступила Токонова Индира Каныбековна, ведущий специалист сектора по воспитательной работе МОН КР.

Гульназ Колсариева, специалист по мониторингу и оценке представила опыт работы Кыргызско-германского проекта GIZ «Содействие занятости и профессиональному обучению в Кыргызстане» на 2021-2023 гг.

Макиль Иманкулова, директор центра научных исследований, оценки и экспертизы КАО и Нурия Темирова, представитель ОФ «Фонд глобальных перемен» рассказали о значимости профориентации в школьном образовании и представили методические рекомендации “Шаги к будущей профессии” для классных руководителей 5-11 классов, которые включают сценарии классных часов по профориентации учащихся. Разработки сценариев классных часов содержат понятие как самооценка, интересы и склонности в выборе профессии, учет гендерных аспектов при выборе профессии, инклюзивного образования, представлен современный рынок профессий, навыки самопрезентации и рекомендации по совместной работе по профориентации семьи и школы. К классным часам прилагается методический материал: тесты по диагностике и самодиагностике профессионально важных личностных качеств, инструкции по составлению резюме и прохождения интервью, оценка по методике  SWOT-анализа и целеполагание по технике SMART, техника Pomodoro и др.

Нурия Темирова презентовала онлайн тест по профориентации, содержащий 100 вопросов для выбора профессии на сайте ОФ «Фонд глобальных перемен»  https://gcf.kg/

Для достижения поставленных целей ОФ «Фонд глобальных перемен»   осуществляет деятельность по следующим направлениям: содействие к осознанному выбору профессии; содействие в продвижении прав мигрантов и членов их семей; социальная поддержка и защита граждан и т.д.

Азиза Маматкулова представила более 14-летний опыт работы общественного объединения «Youth of Osh» и методический курс  «Самопознание и личностное развитие» для обучения школьной молодежи разработанный на основе эмпирической педагогики в рамках проекта «СЕН/ТЫ/YOU». Курс направлен на повышение саморазвития молодежи и улучшение педагогической практики в работе с учащимися, с целью способствования сокращению разрыва между младшим и старшим поколениями в обществе и созданию более сплоченного сообщества. Курс призван помочь педагогам, классным руководителям, социальным педагогам и педагогам-психологам повысить качество осуществляемой ими работы по гармоничному становлению подростка.

Об улучшение навыков коммуникации между родителями и детьми на примере пилотного проекта “Родительская школа” рассказал Сапарбек Оморов, програмный менеджер ОФ «Центр инновационных технологий и образования», которая ведет образовательную деятельность с 2011 года.

Жумабаева Гулайым Абдысаматовна, к.п.н., в.н.с. КАО и Алымбаева Бермет Бекешовна, с.н.с. КАО представили программу по воспитательной работе и методические разработки и пособия для 1-11 классов.

Кожогулова Нуржан Сооданбековна, учитель школы-гимназии № 68 представила результаты обучения учащихся на основе 5-ти ступенчатой модели профориентационной программы для кружковой работы в 9-х классах общеобразовательных школ составленный представительством GIZ в рамках сферы деятельности «Улучшение качества услуг рынка труда» программы «Содействие занятости и профессиональному обучению».

В результате были обсуждены вопросы, касающиеся улучшения воспитательной и профориентационной работы в школе и намечены пути дальнейшего сотрудничества.

Супатаева Э.А.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial