КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

“Каттар марафону” Кыргызстанда – 2022 / “Марафон писем” в Кыргызстане – 2022

2022-ж. 31-октябрь – 1-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында республиканын бардык региондорунан чогулган 25 мугалим Amnesty International  уюмунун Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте уюштурган Адам укуктары жана “Каттар марафону” аралаш курсунан өтүп, өз билимдерин жогорулатышты. Эки күнгө созулган тренинг маалыматтарга бай болуп, интерактивдүү методдордун негизинде сабактар өтүлдү. Тренингде мугалимдер адам укуктары боюнча онлайн жана оффлайн курстарынан өтүп, Казакстандык, Өзбекстандык жана Россиялык кесиптештеринин тажрыйбасы менен таанышышты. Соңунда сертификаттарды жана Адам укуктары боюнча методикалык материалдарды алышты.

“Каттар марафону” адам укуктарын коргоо боюнча дүйнөдөгү эң ири кыймыл. Amnesty International уюму жыл сайын эркин көз карашы, сөзү жана ой-пикири үчүн куугунтукка, кыйноого кабылган жана түрмөгө кесилген адамдарды коргоп «Каттар марафону» акциясын өткөрөт. 2001-жылы 2326 кат жазылса, 2020-жылы адам укуктарынын бузулушунан жапа чеккендерди колдоо жана коргоо үчүн дээрлик 4,5 миллион кат жазылган. Amnesty International адам укуктарын коргоого гана чакырбастан, Amnesty Academy платформасында Адам укуктары боюнча иштелип чыккан онлайн курстарды да сунуштайт.


С 31 октября по 1 ноября 2022 г. прошла смешанный курс по правам человека и “Марафону писем” – для учителей Кыргызстана, организованный Amnesty International в сотрудничестве с Кыргызской академией образования. В тренинге участвовали 25 учителей из всех регионов страны. Двухдневный тренинг был информативным и основан на интерактивных методах. Учителя прошли онлайн и офлайн курсы по правам человека, и познакомились опытом коллег из Казахстана, Узбекстана и России. В завершении получили сертификаты и методические материалы по правам человека.

“Марафон писем” – это крупнейшая в мире правозащитная акция. Каждый год организация Amnesty International проводит акцию “Марафон писем”, защищая людей который подверглись гонению, пыткам и заключению из-за своих свободных взглядов, слов и мыслей. В 2001 году было написано 2326 писем, а в 2020 году почти 4.5 миллионов писем для поддержки и защиты кто пострадал от нарушений прав человека. Amnesty International не только призывает защитить права человека, но и предлагает пройти онлайн курсы, разработанные программой HRE Amnesty International – по правам человека на платформе Amnesty Academy.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial