Канадзава, Япония – 10-18 октября 2023 – Представители из разных стран приняли участие в двухнедельной программе «Primary/Secondary Education (Education Administration) A», организованной JICA (Агентство сотрудничества по международным делам Японии). В ходе программы участники представили презентации и провели интересные дискуссии, фокусируясь на вопросах школьного образования и проблемах начального и среднего образования.
Важным аспектом программы стал обмен информацией о системах образования различных стран, особенно в части школьного обучения. Участники курса активно делились опытом и лучшими практиками, обсуждали вызовы и перспективы в сфере образования. Примечательно, что весь курс проводился на английском языке, обеспечивая участникам многоязычную обстановку.
Для участия в программе был проведен отбор кандидатов на местах, собравших молодых и перспективных специалистов в области образования.
В числе представителей Кыргызстана в программе участвовали главный специалист отдела международного сотрудничества и инвестиций Министерства образования и науки Нуржигит Мырзабеков, главный специалист Кыргызской академии образования Талантбек кызы Альбина, сотрудник Нарынского государственного университета Гульнура Тукешова.
Участие представителей из Кыргызстана в этой программе подчеркивает стремление страны к активному обмену опытом и участию в международном образовательном диалоге.
По итогам поездки в Японию в КАО будет проведен семинар по включению опыта успешных практик образования Японии в содержание школьного образования.
Каназава, Япония – 10-18-Октябрь 2023-жыл – Ар тараптуу өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен JICA (Япониянын Эл аралык иштер боюнча кызматташтык агенттиги) уюштурган «Primary/Secondary Education (Education Administration) A» программасы боюнча Япониянын Каназава шаарында эки жумалык курс болуп өттү.
Программанын жүрүшүндө катышуучулар мектептеги билим берүү маселелерине, башталгыч жана орто билим берүү маселелерине көңүл буруу жөнүндө презентациялар менен бөлүшүп, кызуу талкуулар орун алды.
Программанын маанилүү аспектиси катары ар кайсы өлкөлөрдүн билим берүү тутумдары, айрыкча мектепте окутуу жаатында маалымат алмашуу эсептелди. Курстун катышуучулары мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүшүп, билим берүү тармагындагы чакырыктарды жана перспективаларды талкуулашты. Белгилей кетчү нерсе, курс толугу менен англис тилинде жүргүзүлүп, катышуучуларга көп тилдүү пикир алмашуу шарттарды түзүлдү.
Программага катышуучуларды аныктоо жер-жерлерде билим берүү тармагындагы жаш жана келечектүү адистерди чогулткан талапкерлерди тандоо аркылуу жүргүзүлдү.
Кыргызстандын өкүлдөрү катары программага КР Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмүнүн башкы адиси Нуржигит Мырзабеков, Кыргыз билим берүү академиясынын башкы адиси Талантбек кызы Альбина, Нарын мамлекеттик университетинин кызматкери Гүлнура Тукешова катышып келишти.
Кыргызстандын өкүлдөрүнүн бул программага катышуусу өлкөнүн тажрыйба алмашууга жана эл аралык билим берүү диалогуна активдүү катышууга умтулуусун баса белгилейт.
Японияга болгон иш сапардын жыйынтыгы боюнча КББАда Япониядагы билим берүүнүн ийгиликтүү практикалык тажрыйбасын мектептик билим берүүнүн мазмунуна киргизүү боюнча семинар өткөрүлөт