КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Профессор Абакир Мамытович 70 жашта

          Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, Технология, искусство жана ден соолук маданияты лабораториясынын башкы илимий кызматкери п.и.д., профессор А.М. Мамытов 70 жашта

Урматтуу Абакир Мамытович!

Кыргыз билим берүү академиясынын жалпы жамаатынын атынан Сизди 70 жаш – кутман курагыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!!!

            Сиз билим берүү тармагында 45 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенип, Кыргызстандын билим берүү системасына, аны менен катар жаштарды спортко тарбиялоого олуттуу салым кошуп келе жаткандыгыңызды баса белгилейбиз. Биз Сизди Кыргыз Республикасынын педагогикасындагы белдүү окумуштуу, Кыргызстандын жалпы билим берүүсүнүн Мыйзамынын түзүүчүсү, бир нече жылдар бою жогорку окуу жайын жана Кыргыз билим берүү академиясын жетектеп келген мыкты жетекчи, КР Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын мүчөсү, КР Өкмөтүнүн Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин мүчөсү, КР Атайын Олимпиадасынын биринчи президенти болуп бир нече жылдар бою эмгектенип келген мыкты уюштуруучу экениңизди билебиз. Илимпоз инсан катары илимдин 6 кандидатын, 4 докторун даярдап чыгарган олуттуу консультант, учурда аспиранттарды, докторлорду таптап жаткан нускалуу насаатчы, 230тан ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде, илимий монографиялардын, китептердин, методикалык колдонмолордун, илимий макалалардын, чет элден чыккан илимий эмгектердин автору экендигиңизди сыймыктануу менен айтабыз.

Сизди Кыргызстанда гана эмес Россиядагы, Казакстандагы, Өзбекстандагы жана Турциядагы илимий-педагогикалык кеңешмелер, илимпоздор урматтап, таанып, билишет.

Буга чейин Кыргызстандын педагогика илимин, жалпы билим берүүсүн жана спортту өнүктүрүүнүн үстүндө эмгектенгендигиңиздин натыйжасында Кыргыз билим берүү академиясынын академигисиз, Кыргыз Республикасынын «Билим берүүсүнүн мыктысы», «Дене тарбиянын мыктысы», «Профсоюз кыймылынын мыктысы» төш белгилерине, «Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер» наамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ардак Грамотасына» татыктуу гана болбостон, адамгерчиликтүү инсан, сырдаш кесиптеш жана мыкты үй-бүлөнүн тиреги катары Сиз сый-урматка ээсиз.

Урматтуу Абакир Мамытович! Жамаатыңыз Сизге узак өмүр, чың ден соолук, бакубат жашоо, дөөлөттүү кутман курак каалоо менен бирге, кыдыр даарыган, кут конгон үйдүн куту, бактылуу балдардын атасы, небере-чөбөрөлөрдүн чоң атасы, таятасы, алган жубайыңыздын ардагы, Ата Мекенибиздин кутман инсаны катары ар дайым бар болууңузду каалайбыз!

 

Кыргыз билим берүү академиясынын жамаатынын атынан Технология, искусство
жана ден соолук маданияты лабораториясы

18-июнь, 2024-жыл

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial