КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Кыргыз билим берүү академиясы республикалык ишембиликке катышты.

Кыргыз билим берүү академиясы 2024-жылдын 14-сентябрында өткөн республикалык ишембиликке активдүү катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу максатында уюштурулган.

КББАнын кызматкерлери Бишкек-Кара-Балта автожолун бойлой масштабдуу тазалоо иштерин жүргүзүп, таштандыларды пластик, кагаз, органикалык калдыктарга жана башкаларга иргеп чыгышты. Ишембилик шаар аймактарын да, жаратылыш аймактарын да, анын ичинде токойлуу жерлерди жана жээк тилкелерин камтыды.

Бул демилге айлана-чөйрөнү сактоого жана калктын экологиялык маданиятын калыптандырууга багытталган. КББА мындай иш-чараларды активдүү колдоп келет жана мындан ары да өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга багытталган долбоорлорго активдүү катышат.

************************

Кыргызская академия образования приняла участие в республиканском субботнике.

Кыргызская академия образования (КАО) приняла активное участие в республиканском субботнике, прошедшем 14 сентября 2024 года. Мероприятие было организовано в рамках Указа Президента КР «О Национальном дне чистоты и Плане действий по созданию эффективной инфраструктуры по обращению с бытовыми отходами на период 2023-2025 годы» с целью улучшения экологической ситуации в стране.

Сотрудники КАО провели масштабную уборку вдоль автодороги Бишкек-Кара-Балта, сортируя мусор на пластик, бумагу, органические отходы и др. Субботник охватил как городские территории, так и природные зоны, включая лесные массивы и прибрежные участки.

Данная инициатива направлена на сохранение окружающей среды и формирование экологической культуры у населения. КАО последовательно поддерживает подобные мероприятия и будет и впредь принимать активное участие в проектах, направленных на улучшение экологической обстановки в стране.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial