КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

ТИЛ –УЛУТТУН ПАСПОРТУ

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо максатында  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 1404/1  буйругунун негизинде  мамлекеттик тилдин үч айлыгы боюнча Кыргыз билим берүү академиясында өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы бекитилген. 2024-жылдын 23-сентябрында “Тил –улуттун паспорту” темасынын алкагында иш-чара уюштурулду.  Иш – чараны  филологиялык билим берүү лабораториясынын  башчысы п.и.к. А. Б. Батыркулова  ачып, куттуктоо сөзүн КББАнын вице-президенти, психол.и.к., доцент Т.А.Коӊурбаевге жана вице-президент, п.и.к. М.У.Музулмановго берди.  Т.А.Коӊурбаев Мамлекеттик тилдин үч айлыгы боюнча Кыргыз билим берүү академиясында өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы  менен тааныштырды, 3 ай ичинде өткөрүлүүчү конкурстар боюнча маалымат берди. Кызматкерлер тарабынан куттуктоолор, мамлекеттик тилдин абалы боюнча ойлор айтылды.

Иш-чаранын 2-бөлүгү Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 6 е классынын окуучуларынын жана куратору А.З.Токтоналиеванын жогорку деӊгээлде даярдалган чакан концерттик программасы менен коштолду. КББАнын эмгек жамааты тарабынан тереӊ ыраазычылык билдирилди.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial