Эл аралык ИПКнын пленардык отурумуна КР Билим берүү жана илим министринин орун басары, педагогика илимдеринин кандидаты Муратбек Үсөнакунович Касымалиев катышып, конференциянын катышуучуларын куттуктады жана мектептик билим берүүнүн азыркы учурдагы абалы, 12 жылдык жалпы орто билим берүүгө өтүүнүн мыйзам ченемдүүлүгү жана Кыргызстандын улуттук билим берүү системасынын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграцияланышын шарттай тургандыгы тууралуу актуалдуу маалымат берди.