КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

КББАнын кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан бардык нормативдик документтерди жана материалдарды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салынат

Урматтуу мугалимдер!

Кыргыз билим берүү академиясы 2025-жылдын башынан тартып төмөнкү документтер иштелип чыгып, бекитилгендигин билдирет:

  1. Кыргыз Республикасында жалпыбилимберүүнүн мамлекеттикбилим берүү стандарты (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №131 токтомуменен бекитилген);
  2. 11 жылдык билим берүү үчүн базистик окуу планы (окутуу кыргыз, орус, өзбек/тажиктилдериндежүргүзүлгөн мектептерүчүн, ошондой эле дунган тили эне тили катары окутулган орус тилдүү мектептер үчүн эксперименттик план) (КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 02-июлундагы№747/1буйругу менен бекитилген);
  3. 12 жылдык билим берүү үчүн базистик окуу планы (окутуу кыргыз, орус, өзбек/тажиктилдериндежүргүзүлгөн мектептерүчүн, ошондой эле дунган тили эне тили катары окутулган орус тилдүү мектептер үчүн эксперименттик план) (КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 02-июлундагы№746/1буйругу менен бекитилген);
  4. 1-6-класстар үчүн предметтик стандарттар(окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, өзбек тили жана окуу, тажик тили жана окуу жана дунган тили боюнча) (КР Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 14-июлундагы№834/1буйругу менен бекитилген );
  5. 7-12-класстар үчүн предметтик стандарттар(окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 16, окутууорустилиндежүргүзүлгөн мектептерүчүн – 16, өзбек тили, өзбек адабияты, тажик тили жана адабияты жана дунган тили боюнча) (КР Агартууминистрлигинин 2025-жылдын 21-августундагы №965/1буйругуменен бекитилген);
  6. 1-6-класстар үчүн окуу программалары (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 14, өзбек тили жана окуу, тажик тили жана окуу боюнча);
  7. 7-12-класстар үчүн окуу программалары (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 16, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 16, өзбек тили, өзбек адабияты, тажик тили жана адабияты боюнча);
  8. 1-, 2-, 5-, 7-класстар үчүн календардык – тематикалык пландар (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 42, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 41);
  9. 1-, 2-, 5-, 7 – класстардын БОПтогу бардык предметтери үчүн методикалык сунуштар (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 18, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – 17, бардыгы – 35).

Мындан тышкары, КББАнын кызматкерлери «Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык форумдун өткөрүлүшүнө катышып, 1-, 2-, 5- жана 7-класстардын ар бир предмети боюнча БОПтун негизинде тиешелүү материалдарды даярдап, презентация кылышкан.

Эсиңиздерге салабыз, бардык иштелип чыккан документтер КББАнын расмий сайтында «Мектептик билим берүү / Школьное образование» бөлүмүндө жайгаштырылган: https://kao.kg/

 

ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУУ ҮЧҮН!

КББАнын кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан бардык нормативдик документтер жана материалдар сайтта АЧЫК жайгаштырылган жана жалпы билим берүү системасында колдонуу үчүн БЕКЕР. Аларды коммерциялык максатта пайдаланууга ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ.

Аталган материалдарды коммерциялаштыруу же сатуу аракеттери аныкталган учурда, дароо Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине 0312 62 05 03 телефону аркылуу же Кыргыз билим берүү академиясына 0312 62 23 57 телефону аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial