Урматтуу окурман!
2021-жылы кыргыз адабиятында дагы бир чоң жаңылык болду.
Кыргыз элинин көрүнүктүү окумуштуусу, педагогика илимдеринин доктору, професор Рысбаев Сулайман Казыбаевич 592 беттен турган, жалпы элдик билимдерге, таалим-тарбия маселелерине, педагог окумуштууларга, изденүүчүлөргө, аспиранттарга, мектеп мугалимдерине, тарбиячыларга, ата-энелерге арнап «Кыргыз элинин педагогикалык ойлорунун антологиясын» түзүп жалпы эле кыргыз элине чоң белек кылып кылып отурат.
Китепте кыргыз элинин байыркы мезгилинен тартып, XXI кылымдын 20-жылдарына чейинки таалим-тарбиялык ойлорунун, көз караштарынын урунтуу учурлары камтылды. Анда кыргыздын оозеки элдик адабиятындагы таалим-тарбия идеялары, бүгүнкү мезгилдеги акын-жазуучулардын чыгармаларындагы жана окумуштуу педагогдордун эмгектериндеги адамды ар тараптан тарбиялоо боюнча урунтуу көз караштары орун алды.