2025-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Аманбаевна Самыкбаева Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) кызматкерлери жана жаңы муундагы кыргыз тилиндеги жасалма интеллекттин иштеп чыгуучулары менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЖИнин мугалимдерге колдоо көрсөтүү жана «Алтын-Казык» программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун стратегиялык милдеттерин аткаруудагы актуалдуу ролу талкууланды. Иштеп чыгуучулар мектеп мугалимдеринин методикалык ишин жакшыртуу үчүн атайын иштелип чыккан «Акылай» (AkylAi) жасалма интеллект долбоорун сунушташты. Бул платформанын өзгөчөлүгү – мамлекеттик тилде иштөөсүндө. Алар платформанын мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде үн функциялары, ассистенттерди колдоо, файл тиркөө жана ар кандай багыттар боюнча структураланган маалыматтарды берүү тууралуу кеңири айтып беришти.
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Кубанычбековна Дюшеева ЖИ «Акылайдын» киргизилиши педагогикалык ишмердүүлүктүн, анын ичинде окутуу, тарбиялоо, методикалык жана илимий процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга чоң кадам болорун белгиледи.
Жолугушуунун негизги максаты – «Акылай» жасалма интеллектинин тилдик базасын мындан ары дагы кеңейтүү. Ушуга байланыштуу КББАнын кызматкерлери жасалма интеллекттин маалымат базасын толуктоо үчүн өздөрүнүн окуу жана илимий-методикалык материалдарын берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул кызматташтык платформанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, кыргыз тилиндеги билим берүү контентин сапаттуу колдоого алууга шарт түзөт.
Ошентип, мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана кыргыз тилиндеги билим берүү технологияларын мугалимдер коомчулугуна жеткиликтүү кылуу максатында КББА менен «Акылай» иштеп чыгуучуларынын тыгыз кызматташуусу пландаштырылууда.
Маалымат үчүн: Платформа тууралуу кененирээк маалыматты төмөнкү сайттан алууга болот: https://www.akylai.com/sign-in.