КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

Нуржамал Ибраеванын 80 жылдык юбилейине арналган Эл аралык конференциянын катышуучулары

Атактуу инсан, профессор, эл сыймыгы – Нуржамал эже  80 жашта!

 

Тагдырын педагогикага байлаган,

Бүт өмүрүн агартууга арнаган …

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген мугалим,  Россиянын «Педагогика жана социалдык академиясынын» мүчө-корреспонденти, математика боюнча оригиналдуу окуу-усулдук комплекстеринин автору, профессор Нуржамал Ибраеванын 80 жылдык мааракесине арналган «Билим берүүнүн мазмунун модернизациялоодогу ишмердик мамиле» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция ушул жылдын 29-ноябрында Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен бирдикте  өткөрүлдү.

Конференция өз ишин куттуктоолор менен баштап, анда КРнын билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү, Кыргыз билим берүү академиясы, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Молдокулов атындагы №5-мектеп-лицейи, №72-мектеп-гимназиясы куттуктады. Андан кийин конференциянын пленардык бөлүгүндө:

  • проф. Др. Байсалов Дж.У. «Башталгыч билим берүүдөгү математиканын ролу»,
  • доцент Чеснакова Г. С., НПУ, г. Новосибирск, Россия, «Формирование профессиональ-ных компетенций будущих педагогов начального образования средствами конкурсного и олимпиадного движения»,
  • проф. Др. ЙЫЛМАЗ Күршат, Күтахия Думлупынар университети, Түркия //Кыргыз-Түрк Манас университети, “Түркиянын 2023 Билим берүү кѳрүнүшү: Билим берүү философиясы, негизги саясаты мазмуну-практикаланышы, мектепти өнүктүрүү модели”,
  • п.и.к.Токтомаметов А.Д., Кыргыз билим берүү академиясы, “Окуу-таанып билүү ишмердиги жана ЮНЕСКОнун документиндеги билим берүү чөйрөсү”,
  • Доцент Касымов А.А., Кыргыз билим берүү академиясы, “Компетенттүүлүк окуу-таанып билүү ишмердүүлүгүнүн күтүлүүчү натыйжасы катары”.

Жаркын элестүү, көп кырдуу талант ээси Ибраева Нуржамал Ибраевна 1939-жылдын ноябрь айында Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы Бөкөмбаев айылында төрөлгөн. Ал райондогу Гоголь атындагы орус тилдүү жети жылдык мектепти, анан Фрунзе шаарындагы №28-мектебин ийгиликтүү аяктагандыгы, билим берүү жаатындагы өз педагогикалык жолун  мугалимдик кесипти тандоо менен В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Нуржамал Ибраевна студенттик жылдарда спорт менен машыкканга дагы убакыт таап, фехтование спортуна катышып, республиканын курама командасынын мүчөсү катарында бир нече союздук деӊгээлдеги мелдештерге активдүү катышкан.

Алгачкы педагогикалык адистигин орто мектептин математика мугалиминен баштап, Жалал-Абаддагы медициналык училищанын жана педагогикалык училищанын окутуучусу, өзү окуган В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун окутуучусу болуп эмгек жолун үзүрлүү уланткандыгы тууралуу өз сөздөрүндө айтып өтүштү.

Таланттуу эжейибиз билим берүүдөгү көйгөйлөргө кайдыгер мамиле кыла албай, өзүн түйшөлткөн педагогикалык көйгөйлөрдү изилдөө максатында Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунун аспирантурасында окуп, 1985-жылы Челябинск шаарында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда (кийинчерээк Кыргыз билим берүү институту, анан барып Кыргыз билим берүү академиясы болуп өзгөрдү) кенже илимий кызматкер, улуу илимий кызматкер, институттун окумушту катчысы, Башталгыч билим берүү бөлүмүнүн башчысы, институттагы педагогика боюнча диссертациялык кеӊешинин окумуштуу катчысы болуп эмгектенген. Дасыккан педагог Нуржамал Ибраевна кабинетинде эле илимий иш менен алектенип отуруп калбай, орто мектептердин башталгыч класстары менен тыкыс иш алып барып, башталгыч класстардын мугалимдерине китеп менен иштей билүү, математика предметинин өзгөчөлүктөрүнө көӊүл буруу, логикалык ой-жүгүртүүсүн өстүрүү, окуучуну ийгиликтүү окуучу катарына кошуудагы бир топ тажрыйбаларын жайылткан. Мугалимдердин ачык сабактарында өзүнүн жана башка катышуучулардын сунуштарын мугалимдин өздүк анализинен кийин сунуштаары тууралуу эскерүүлөрдө айтылды. Нуржамал Ибраевна билим берүү жаатында өзүнүн өчпөс изин төмөнкүчө калтырды:

  • Башталгыч билим берүүдө кыргыз жана орус тилдүү мектептер үчүн математика боюнча стандартты жана окуу программасын даярдаган;
  • Алгачкы “Математика” окуу китептери 1-4 класстар үчүн автролору И.Б.Бекбоев, Худайбердиев О., Ыманбеков П., Н.Ибраевалар бирдикте жазып, эксперименттен ийгиликтүү өткөдөн кийин жарык көргөн (1992– 1993 жж.).
  • И.Б.Бекбоев, Н.И.Ибраева менен автролош болуп 1-4-класстар үчүн “Математика” окуу китептерин кыргыз жана орус тилдүү мектептер үчүн кайра карап чыгып, толуктап жазып чыккан. Ошол окуу китептери азыркы учурда да башталгыч мектепте окуу процессинде колдонулуп келет (1996– 1997- жж баштап);
  • Н.Ибраева 5-класстын Математика окуу китебинин авторлорунун бири (1993-ж.);
  • Н.Ибраева, О.Худайбердиев, П.Ыманбековдор менен бирдикте 2-класста математиканы окутуу боюнча методикалык колдонмосу 1992-жылы жарык көргөн.
  • И.Бекбоев, Н.Ибраевалардын авторлугу менен “Математиканы 1-4-класстарда окутуу” (1996-ж.);
  • Н.Ибраева 1-3- класстарда математиканы окутуунун технологиясы (2004-ж);
  • Обучение математике в 1 классе (2001-ж.);
  • жыйнактарда жана журналдарда бир нече макалалары жарык көргөндүгү тууралуу эскерүү менен айтып өтүштү.

Эӊ жакшы адамдык сапаттар Нуржамал Ибраевнада болгон. Ал өз убагында башкаларга ишеним берүү, ар кандай кырдаалдарда кол сунган, проблемаларды чече билген, талапты коё да билген, аткара да алган, ишенимди актай билүүгө жол көрсөткөн жароокер, маанайы жарык адам болгон. Суверендүү мамлекет болгондон баштап башталгыч мектептин ар бир предметинин мазмунун ишмердүүлүк мамилени киргизүүнү, анын негизинде окуу китептерин ийгиликтүү жазуунун сырларын үйрөтүү менен түптөгөн.

Жыйынтыгында, Нуржамал Ибраевнанын окуу китептеринин мазмуну жемиштүү болуп, алар «Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты» сыйлыгына татыктуу болгон. Өзүнүн жайдары мүнөзү, изденүүчүлөргө жасаган мамилеси, компетенттүү кеӊештерди бериши,  жакшы сезимдери менен жаш окумуштуулардын эсинде түбөлүккө калды.

Эл аралык конференцияга Туркия, Россия, Казакстан жана Кыргызстандагы жождорунун мугалимдери, аспиранттары, мектептин практик мугалимдери, илим изилдөөчү кызматкерлер ж.б. болуп жалпысынан 76 доклад, макалалар келип түштү жана конференцияга 70 тен ашык адам катышты.

1-секция. Билим берүүнү жаӊылоонун илимий-практикалык негиздери;

2-секция. Компетенттүү педагогикалык адистерди даярдоонун проблемалары.

3-секция. Билим берүүдөгү жаӊы технологиялар

4-секция. Баланын өсүп-өнүгүүсү жана тарбиялоосундагы проблемалар.

2003 – 2008-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Педагогика жана психология” институтунун “Математика жана аны окутуунун технологиясы” кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген.

Нуржамал Ибраеванын татыктуу болгон сыйлыктары:

  • КРнын эмгек сиӊирген мугалими (1995-ж.).
  • “Педагогика жана социалдык академиясынын” мүчө-корреспонденти (Москва шаары. 1997-ж. бери).
  • КРнын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002-ж.).

Нуржамал Ибраевна билим берүү жаатында өзүнүн татыктуу шакирттерин таптады. Алардан айрымдарын атап өтөлү: Токтомаметов А.Д., Мамбетова З.Ж., Касымов А.А., Бообекова К., Сакиева С., Жолдошева А.Ө., Кудайкулова Ж., Казиева Г., Усупова М.К., Аттокурова Ч.А., Аликова А. ж.б.

Нуржамал Ибраевнанын жетекчилиги астында бир топ изденүүчүлөрү педагогика илимдеринин кандидаттары илимий даражаларын коргошту. Алар педагогика илиминин ар кандай багыттарында изилдөө иштерин жүргүзүп, КРнын илимий өнүгүүсүнө өздөрүнүн салымын кошуу менен Нуржамал Ибраевнанын ишин татыктуу улантып келишүүдө. Мисалы, Токтомаметов А.Д. башталгыч класстар үчүн оригиналдуу «Адабий окуу» китептеринин автору. Учурда жуурулушкан «Кыргыз тили» предметин 1-4-класстар үчүн окуу-услдук материалдарын даярдоо үстүндө кызуу иштеп жактан учуру. Ошондой эле З.Ж.Мамбетова «Мекен таануу» окуу китептеринин автору, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолору, окуучу үчүн иш дептерлери жарык көргөн. Азыркы учурда Мекен таануу предметинин мазмунду жаӊылоо үстүндө иш алып барат ж.б.

Эл аралык конференция өз ишин аяктап, резолюция кабыл алды.

Жогоруда 4 секцияда катышуучулар тарабынан ишмердүүлүк мамиле боюнча жандуу талкуу жүрдү. Анда билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмдары билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү боюнча теориялык жана методологиялык бир катар маселелерди талкуулашты.

Натыйжасында билим берүү системасын өркүндөтүү максатында усулдук кызматкерлер, педагогдор үчүн сунуштар иштелип чыкты. Айрыкча 1-4-класстар үчүн математика окуу китептерин (окуу-усулдук комплексин) компетенттүү мамиленин негизинде окуучунун ишмердүүлүгүн тереӊдетүү менен кайра иштеп чыгуу ишине басым жасап, кайра иштеп чыгууну сунушташты.

Аягында конференциянын катышуучулары иш-чара жандуу өткөндүгү, кенже окуучунун ишмердүүлүгүн калыптандыруу жана андан ары өнүктүрүү боюнча, окуу китептерин окутуудагы айрым көйгөйлөр, айрым мугалимдердин ишмердүүлүк мамилени ишке ашыруудагы көйгөйлөрү, окуу китептериндеги продуктивдүү тапшырмаларды аткаруунун жолдору тууралуу кызыктуу талкуулардын пайдалуулугу таасирдүү болгондугун толкундануу менен айтышты.

Россиянын өкүлү, Новосибирскидеги университеттин доценти Чеснокова Г.С.: “Конференциянын катышуучулары абдан жандуу катышышты, активдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Мындан ары ишмердүүлүктү өнүктүрүүнү практикалык жактан көрө алдык. Ошол эле учурда көйгөйлөргө көӊүл бөлүү, аны чечүү жолдору да илимий кызматкерлер, методисттер, тажрыйбалуу мугалимдер тарабынан ишке ашырылышы да, кийинки резалюциядагы сунуштардан 1-4-класстарынын математика окуу китептеринин ишмердүүлүк мамилени өнүктүрүү менен окуучунун компетенттүүлүгүн калыптандыруу максатында кайра иштеп чыгуу ишин сунуштоо да орундуу болду. Россия менен Кыргызстандын жогоркуу окуу жайларынын кызматташуу зарылдыгы бар, бизде педагогикалык жаатта өткөрүлүүчү олимпиадаларга сиздер да студенттериӊиздерди катыштырсаӊыздар. Билим берүү боюнча өлкөлөрүбүздө кандай жаӊылыктар, өзгөрүүлөр болгондугу менен таанышып, андан ары өнүгүүгө бирдиктүү иш алып барсак”.

Казакстандын “Алматыкiтап баспасы” электрондук окуу китептеринин басып чыгаруу компаниясынын президенти Саймасаева Г.А.: “Конференцияга катышканыбыз үчүн абдан ыраазыбыз. Анткени, сиздер биздин окуу китептеринин электрондук варианттары тууралуу маалымат алдыӊыздар. Ушул конференциядагы окуучунун ишмердүүлүгүн калыптандыруу маселелерин чечүүдө окуу китептеринин электрондук варианттары да чоӊ өбөлгө түзөт. Анткени, окуучу окуу материалдарынын электрондук варианттары менен өз алдынча иш алыр баруусу ишмердүүлүк боюнча чоӊ жетишкендик. Биз, Кыргызстандагы окуу китептеринин электрондук вариантын иштеп чыгуу боюнча кызматташаар элек. Бизде февраль айында ушул проблема боюнча иш-чара уюштурулат. Каалоочуларды чакырып кетем. Сиздерде дагы бир артыкчылык бар экен, мурдагы авторлор менен иш алып баруу! Бизде тескерисинче, авторлордун катары  жаӊыланды”.

Ош областынын Кара-Суу районундагы №58- Ак Буура орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Тотоева Г.К.:  “Конференция мен үчүн абдан кызыктуу болду. Көп жаӊылыктар менен тааныштым. Мага өзгөчө макалаларды угуу жана талкуулоо жакты. Кенже окуучунун ишмердүүлүгүн уюштуруу формалары, колдонулуучу ылайыктуу методдору, санариптештирүү жылындагы колдонулуучу каражаттары тууралуу көп маалыматтарды алдым жана мультимедиалык каржаттарды 1-класстарда колдонуу боюнча өз тажрыйбамды бөлүштүм”.

 

Даярдаган: Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лаборатория башчысы Аттокурова Чынар Амановна.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Share via
Copy link
Powered by Social Snap