5 китептен турган “Манас” аттуу роман Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан орто мектептердин окуучуларына, мугалимдерине “Манас” эпосун окууда кошумча материал катары колдонуу үчүн жактырылган жана басып чыгарууга сунушталган.
Ошондой эле роман жогорку жана атайын орто окуу жайлардын студенттерине, окутуучуларына жана жалпы окурмандардын чөйрөсүнө арналып жазылган.
Бул роман кыргыз элинин улуттук сыймыгын түзгөн, нечендеген кылымдарды каарыткан улуу “Манас” эпосунун Сагынбай Орозбаковдун вариантынын негизинде кара сөз түрүндө жазылгандыгын, роман Манастын төрөлүүсүнөн баштап, эр жетип, ыйык Ала-Тоону баскынчылардан бошотуп, кыргыз элин кайрадан туулуп-өскөн жерине алып келүүсүнө чейинки окуяларды камтыгандыгын жана мындай ыкма улуу эпосубузду өздөштүрүүдө олуттуу көмөкчү боло тургандыгын, филология илимдеринин доктору, профессор С.О.Байгазиев романдын биринчи китебинин баш сөзүндө баса белгилеген.