mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня40
mod_vvisit_counterНеделя497
mod_vvisit_counterМесяц16873
mod_vvisit_counterВсего646908

We have: 31 guests, 2 bots online
Ваш IP: 54.227.48.147
 , 
Сегодня: Фев 22, 2018
Педагог-окумуштуу, манас изилдөөчү, Мамлекеттик сыйлыктын эки жолку ээси САМАР МУСАЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫНА арналган эскерүү-конференциясы болуп өттү PDF Печать E-mail
26.10.2015 06:46

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, п.и.д., профессор А.М.Мамытов, вице-президенти ф.и.д., профессор С.О.Байгазиев жана КББАнын мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери п.и.д., доцент В.И.Мусаевалар Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясында өткөн КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, педагог, окумуштуу, манас изилдөөчү Илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лаурэаты САМАР МУСАЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫНА арналган эскерүү-конференциясына катышышты. .

Эскерүү-конференция Самар Мусаевдин чыгармачылык өмүр жолун чагылдырган видео фильмди көрсөтүү менен башталып, академиянын президенти, академик А.Э.Эркебаев, вице-президенти , академик А.А.Акматалиев, академик Аскар Турсунов, академик Аскар Какеев, ф.и.д., профессор А.Садыков, ф.и.д., профессор Ч.Жолдошева, КРнын Эл мугалими М.Базаркулов, ф.и.д., профессор С.О.Байгазиев, ф.и.к. А.Жайнакова жана драматург Мар Байжиевдер чыгып сөз сүйлөшүп, төмөндөгүлөрдү баса белгилешти:

Самар Мусаев 1945-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик педагогика институтунун тил жана адабият факультетине кирип, аны 1949-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, ошол институтка кыргыз адабияты боюнча окутуучулук кызматка калтырылат. 1950-жылы жаңыдан уюшулган «Кыргыз адабияты» кафедрасынын башчысы болуп дайындалат. Пединститутта иштеп жүргөндө адабияттаанууга киришүү, кыргыз фольклору, XIX кылымдын адабияты курстары боюнча студенттерге лекциялар окуудан башка да 1949-50-жылдар ичинде Кыргыз адабияты боюнча орто мектептердин 8-9-10-класстары үчүн окуу программасын түзүүгө катышкан. 1950-жылдан тартып жазыла баштаган 8-9-класстар үчүн кыргыз адабиятынын окуу китептеринин негизги автору.1962-жылы С.Мусаев ошол кездеги Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, академик Б.М.Юнусалиевдин сунушу боюнча аспирантурага тапшырат.

1964-жылы «Каныкейдин образы» «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасына карата» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактайт. Бул «Манас» эпосунун проблемалары боюнча корголгон биринчи диссертация болгон. 1965-жылы С.Мусаев Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун «Манас» бөлүмүнүн башчысы болуп шайланат. «Манас» бөлүмүнө келип иштей баштагандан тартып эле ал ошол бөлүмдө иштеп, узак убактардан бери илимий даража ала элек кызматкерлерге диссертация жазууга шарт түзүп, көмөк көрсөтүп, Э. Абдылдаев, С. Бегалиев жана башкалардын илимдин кандидаты болуусуна жардам берген. Башка кызматтарда иштеген Р. Сарыпбеков, А. Жайнакова, К. Кырбашев, О. Сооронов ж. б. сыяктуу жөндөмдүү жаштарды кызматка чакырып, тарбиялап, өстүргөн.

1967-жылы көптөн бери Илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда жарыяланбай жаткан белгилүү окумуштуулардын эмгектери жана көп жылдар мурун жарык көрүп, эл арасында табылышы кыйын болгон Ч.Валиханов, В.Радлов ж.б. сыяктуу белгилүү инсандардын «Манаска» таандык изилдөөлөрүн топтоп, жаңы материалдар менен толуктап, редакциялап, баш сөз жазып басмадан чыгарат. 1968-жылы «Манас» — героический эпос киргизского народа» — деген аталышта орус тилинде жарык көргөн китепте Ч. Валихановдун, В. В. Радловдун, Г. Алмашинин, П. Фалевдин, Е. Поливановдун, К. Рахматуллиндин, А. Бернштамдын, П. Берковдун, С. Абрамзондун, Б. Юнусалиевдин эмгектерине мүнөздөмө берип, ар биринин эпосту изилдөөдөгү кошкон салымына көңүл бурат.

1968-жылы чоң манасчы Саякбайдын көзү тирүү кезинде анын айткан вариантын эки ай бою Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан айылдарда угуучулардын катышуусунда «Манас» айттырып магнитофонго жаздырат. Жазылган материалдарды толук түрдө кагаз бетине да түшүрттүрөт. Бул эпосту табигый шартта жаздыруудагы биринчи тажрыйба болгон. Ошол эле жылдардан баштап көзү тирүү, белгилүү манасчылардан варианттарын жазуу ишин үздүксүз — жайы-кышы дебей жүргүзүүнү колго алып, натыйжада М. Чокморов, Д. Кочукеев, Ж. Жумабековдордун варианттары толук жазылып алынат.

С.Мусаевдин аракетинин аркасында 1978-жылы Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча басылган 1-китеп, 1980-жылы 2-китеп, 1981-жылы 3-китеп жарык көрөт. 1979-жылы С. Мусаевдин «Эпос «Манас» аттуу орус тилиндеги монографиясы, жарык көрөт. Эмгек коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, китеп кыскартылып, кайра иштелип чыгып, англис, немец тилдерине которулуп, үч тилде 1984-жылы эки жолу, кийин да бир нече жолдору басылып чыкты. Ушул эле китеп Кытай Эл Республикасында, Японияда которулуп басылган.

С.Мусаевдин демилгеси менен “Манас” энциклопедиясынын эки томдугу 1995-жылы жарык көргөн.. 1985-жылы жарык көргөн С. Каралаевдин вариантынын 2-китебине С. Мусаев түзүүчү жана сөздүгүн даярдаган адам катары катышкан. С. Мусаев «Манас» эпосунун кара сөз түрүндө түзүлгөн «Манас». «Кара сөз түрүндөгү баяндама» деген аталышта 1986-жылы жарык көргөн. «Манас» эпосунун 1988,1990,1995-жылдары жарык көргөн эки тилде Москвадагы басылыштарынын түзүүчүлөрүнүн бири болгон.

1990-жылдардан тартып С. Мусаевдин «Манас» эпосунун негизги эки вариантынын тексттерин толук бойдон, академиялык бастырылыш түрүндө, кеңири илимий комментариялардын коштоосу менен бастырып чыгаруу сунушу кубатталып, планга киргизилип, Мусаев түзгөн «Негизги принциптер» боюнча иш башталат. Ошол учурга чейин даяр болгон Сагымбайдын вариантынан 4 китеп, Саякбайдан 3 китеп эпостун миң жылдык юбилейине карата 1995—1996-ж.ж. жарык көргөн. Азыркы күндө басылыштын калган томдуктары толук жарык көрдү. Эпостун С. Каралаев айткан варианты боюнча С. Мусаев түзгөн «Семетей», «Сейтектин» кара сөз түрүндөгү үлгүсү 1995-жылы басмадан чыккан.

С. Мусаев түзгөн «Манас», «Семетей», «Сейтек» аттуу эпостун кара сөз түрүндөгү кыскартылган үлгүсүнүн орусча М. Рудов менен бирге иштелген үлгүсү 1995-жылы, ал эми кыргызча, орусча эки тилдеги үлгүсү 2003-жылы китепче болуп басмадан чыккан. «Манас» эпосунун көрүнүктүү изилдөөчүлөрү Ч. Валихановго, В. Радловго арналып, алардын кыргыз эстелигине тиешелүү эмгектери жөнүндө кеңири сөз болгон атайын көлөмдүү макалалардын биринчиси «Манас» жана Ч. Валиханов» деген ат менен «Санташ-140» аттуу жыйнакта 1996-жылы, ал эми «Манас» жана академик В. В. Радлов өзүнчө китепче болуп 1997-жылы жарык көргөн.

С. Мусаевдин кыргыз жана орус тилдеринде 1999-жылы жарык көргөн «Согушта да адамгерчиликти жоготпоо – элдик салт» аттуу чакан китепчесинде «Манас» эпосунда чагылдырылган адамдык асыл ойлор жөнүндө сөз болуп, айрыкча баатырдык салт, анын негизги белгилери, эпостун каармандары жогору баалаган жалпы адамзаттык маңызга ээ болгон чынчылдык, калыстык, кеңпейилдик, адамгерчиликтүүлүк сапаттар талдоого алынып, чечмеленет. 1999-жылы басмадан чыккан «Манас» эпосу уруу түзүлүшүнүн учурунда» аттуу монографиясында чыгарманын сюжетин түзгөн окуялардын катмарлары, алардын мүнөзү талдоого алынат. С. Мусаевдин «Манастаануу илиминин тарыхы» аттуу 2000-жылы басмадан чыккан монографиясы эпоско тиешелүү алгачкы кабар-маалыматтардан тартып, атайын илимге айлануу жана ал илимдин калыптануу жолун ирээти менен сыпаттоого арналган эмгек. С. Мусаевдин А. Акматалиев менен бирдикте түзгөн «Калыгул акылман» аттуу жыйнагы 2000-жылы басмадан чыккан. Ошол эле эки адам иштеген китептеги кеңири илимий макалада көптөгөн жылдар бою реакциячыл катары күнөөлөнүп келген бул улуу инсандын өмүр жолу, чыгармачылыгы, көз караш-түшүнүктөрү терең талдоого алынып, калыс, негиздүү пикирлер айтылган. Китеп «Калыгул Бай уулу» — деген аталышта 2003-жылы кайра басылган. «Кыргыз адабиятынын тарыхы» аттуу 7 томдук фундаменталдуу эмгектин активдүү авторлорунун бири. Ал «Манас» эпосуна, анын изилдөөчүлөрүнө, кыргыз фольклоруна, айрым ырчы-акындарга арналган көлөмдүү бөлүмдөрдүн, макалалардын автору. С. Мусаевдин жалпысынан кыргыз, орус жана башка тилдердеги газета-журналдардын беттеринде түрдүү мезгилдерде кыргыз фольклорунун, акындар чыгармачылыгынын, айрыкча «Манас» эпосунун түрдүү проблемаларына арналган 250дөн ашык макалалары жарык көргөн.

Окумуштуулук, изилдөөчүлүк, кесипкөйлүк, мээнеткечтик, иштермандык, интеллектуалдык сапаттары менен бирге эле аалымдын адам катары асылзаада сапат-касиеттерин - тазалыгын, чынчылдыгын, ак ниеттүүлүгүн, мээримдүүлүгүн, кайрымдуулугун, айкөлдүгүн аны менен өмүр бою бирге иштешкен кесиптештери чын ыкластан эскерип өтүштү.

Даярдаган: Омурова Айна

 
Main page Contacts Search Contacts Search