КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

ЭНЕ ТИЛИ ЖАНА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ – УЧУРДУН ТАЛАБЫ

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттурдын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тили күнүн белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 6-февралындагы №182/1 буйругунун негизинде    Кыргыз билим берүү академиясында                 12-февралдан 19-февралга чейин “Эне тили жана жасалма интеллект – учурдун талабы” аталышында 3 номинациядагы:

  1. “Эне тили жана жасалма интеллект – учурдун талабы” темасын чагылдырган социалдык роликтер, слайддар (2 мүнөттүк)
  2. Кыргыз тилинде мыкты жазылган окуу куралдары
  3. “Балдар жана кыргыз тилинин келечеги” аттуу сынактар өтүп, 2024-жылдын 19-февралында жыйынтыкталды.

         Иш – чараны  филологиялык билим берүү лабораториясынын  башчысы п.и.к. А. Б. Батыркулова  ачып, куттуктоо сөзүн КББАнын вице-президенти, п.и.к. М.У.Музулмановго берди. Андан соң КББАнын филологиялык билим берүү  лабораториясынын башкы илимий кызматкери п.и.д., профессор, Кыргыз Эл жазуучусу С.К.Рысбаев, Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен сырткаркы билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери, ф.и.д., профессор, Кыргыз Эл жазуучусу С.О.Байгазиев, “Рух-бейне” эл аралык чыгармачыл академиясынын вице-президенти, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси, акын С.Н.Абдраев Эл аралык эне тил күнү менен  куттукташты.  Жогоруда аталган сынактарга активдүү катышкан кызматкерлерге: Б.Б.Алымбаевага, Ч.А.Аттокуровага, аспиранттарга: К.К.Жээнтаевага, Р.А.Шаршеновага, Г.Ш.Нусуповага “Рух-бейне” эл аралык чыгармачыл академиясынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Иш-чаранын 2-бөлүгү Бишкек шаарындагы Л.В. Толстунов атындагы №12 мектеп-гимназиясынын окуучуларынын жогорку деӊгээлде даярдалган чакан концерттик программасы менен коштолду.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial