mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня263
mod_vvisit_counterНеделя222
mod_vvisit_counterМесяц6589
mod_vvisit_counterВсего740776

We have: 65 guests online
Ваш IP: 54.81.102.236
 , 
Сегодня: Июл 15, 2018
ХХVI Республикалык педагогикалык окууда №2 секциянын ишинин жыйынтыгы тууралуу билдирүү PDF Печать E-mail
21.11.2017 08:37

Программа боюнча секцияга 21 баяндама катталган. Педагогикалык окуунун жүрүшүнө 15 докладчы катышты жана баяндамаларын окушту.

Дээрлик бардык докладдар педагогикалык окуунун темасына үндөшөт жана анын тематикасынын негизги багыттарын камтыды. Анын ичинен, төмөндөгү докладдарда актуалдуу маселелер козголду. Атап айтканда, кыргыз тили, адабияты, орус тили, адабияты сабактарында балдарды адеп-ахлакка, сүйлөө адебине үйрөтүү проблемалары кеңири айтылды.

Мисалы, Г.Аманованын баяндамасында окуучуларды кеп адебине үйрөтүүдө тилдик материалдардын ролу чоң, балдардын «речевая агрессиясы» турмушта «реальная агрессияга» алып барбайт деп ким кепил боло алат-дейт баяндамачы.

Алай районунан келген мугалим Т.Бегалиева балдарды сүйлөө жана жазуу маданиятына үйрөтүү боюнча жүргүзгөн эксепименинин жыйынтыктарын сунуш кылса, Бищкек шаарынын № 13 мектептин мугалими Р.Качыгулова балдарды кеп маданиятына үйрөтүүдө окуу китептеринин материалдарынын тарбиялык таасири тууралуу оюн айтты жана окуу китептеринини тексттерин ушул багытта байытуу керектиги тууралуу сунушун билдирди.

КББАнын илимий кызматкери М.Иманкулова орус тили окуу китептеринин мисалында мектеп окуучуларынын социо-маданий компетенттүүлүгүн калыптандыруу маселелери туурасында айтса, С.Мукашева окуучуларды жүрүм-турум маданиятына үйрөтүү коомдук талап экендиги жөнүндө, А.Алыканова адамдардын мыкты сапаттарын чагылдырган тексттерди, элдик макал-лакаптарды окуу китептерге көбүрөөк киргизүү зарылдыгын айтты.

Ушундай эле мазмундагы кепти улантып, Л.Арпачиева, Н.Жумагуловалар макал-лакаптар тарбия үлгүлөрү экендигин, аларды азыркы балдар жакшы түшүнбөй жаткандыктарын козгоп, мугалим ушул маселелерге көңүл коюусу керектигин баса айтты.

Тогуз-Торо районунан келген мугалим Ж.Жээналиева балдарды тарбиялоодо элдик ишеним ыкмасын колдонуу гана балдарды өстүрөт деген оюн бекемдеп, аларды ишеним аркылуу жоопкерчиликке тарбиялоого болорун көркөм адабияттын жана өз тажрыйбасы боюнча билдирди.

Нарын шаарынын мугалими Г.Калыкова көркөм адабият сабагында текстти культурологиялык жана мотивдик талдоо аркылуу окуучуларга маданий-рухий тарбия берүүгө болор өз тажрыйбасын ортого койсо, З.Торгоева макал-лакаптардын ролун ар кандай турмуштук кырдаалдарда чечмелөө менен түшүндүрүү туурасындагы тажрыйбасы кызыгуунун туудурду. Н.Добаева менен Ж. Сулаймановалар да ушул проблемага баяндамаларын арнашты жана өз тажрыйбасын талкууга коюшту.

«Манастаануу» курсун 11-класста окутуу боюнча окуган докладында Т.Үсөналиев аталган курстун мазмунун жана формаларын кантип жаңыртуу тууралуу сунуштары менен чыкты.

Негизинен, докладдар мазмундуу жана пайдалуу болду, алардын ар бири кенен талкууга алынып, жакшы сунуштарын айтышты.

Ушундай мазмундуу докладдары үчүн: Г.Калыкова, Т.Бегалиева, Р.Буйлакеева, З.Торгоева, Ж.Жээналиева, С.Мукашева, Т.Үсөналиев, Н.Жумагулова, М.Иманкулова, Г.Амановалардын докладдарын атайын түзүлүүчү жыйнакка сунуштоо боюнча бир бүтүмгө келишти.

Секция башчысы:
С.Рысбаев

 
Main page Contacts Search Contacts Search