mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня86
mod_vvisit_counterНеделя423
mod_vvisit_counterМесяц9442
mod_vvisit_counterВсего846270

We have: 86 guests online
Ваш IP: 54.82.73.21
 , 
Сегодня: Ноя 16, 2018
«VII Эл аралык Алтай биримдигинин симпозиуму» Монголия.Улан-Батор шаары 2018-жыл. 6-10- август PDF Печать E-mail
27.09.2018 06:53

О НЕКОТОРЫХ ПЕДАГОГИЧЕСКИХ ПРИОРИТЕТАХ В ВОСПИТАНИИ ДЕТЕЙ У АЛТАЙСКИХ НАРОДНОСТЕЙ

Симпозиумга Америка, Азербайжан, Венгрия, Түкия,Тайвань, Россия, Кыргызстан, Корея, Кытай, Казакстан , Монголия, Япония, Узбекстан, Франция, ж.б. өлкөлөрдөн 200дөй илимпоз –окумуштуулары келишкен. Биринчи күнү, 6- августа симпозиумдун ачылышы Монгол Техникалык университетинин имаратында болуп, түштөн кийин бөлүнгөн секцияларга карата докладдар окулуп, талкуу жүрүп жатты.

Симпозиумдун максаты, социалдык дисциплиналар, тарых, адабият, лингвистика,социология,социалдык психиатрия, фольклор, антропология, тарыхый изилдөөлөр боюнча докладдар окулуп,ой бөлүшүү эле. «Алтай биримдигинин» «Алтай коомунун симпозиумдарынын » темалары ар түрдүү берилген .Алтай элдеринин улуттук баалуулуктарын ишке ашыруу, алардын идентивдүүлүгү,маданияты,укуктук өзгөчөлүктөрү,үй бүлөнүн коомдогу орду, табиятка , жаратылыщка болгон мамиле, улуттук лидердин таасири, миграция маселелери боюнча проблемаларды изилдөөлөргө багыталган. Ошону менен бирге эле «Алтай коомунун жетинчи симпозиуму» Монголияда өтүп жаткандыгына байланыштуу Монгол тарыхына, маданиятына, цивилизациясына баяндамалар берилип,алардын алтай элдери менен болгон мамилелери, карым -катнашына карата өзүнчө бөлүм каралган.

Монгол Эл Республикасы Чыгыш Азия регионунда жайгашкан мамлекет. Админстративдик борбору Улан Батор шаары. Монголиянын жалпы аянты 1 565 000 км², 100 % кургактык, Чек арасы Кытай 4 673 км, Россия 3 441 км. аралыктары менен кошуна жайгашкан. Монголдордун эн чоң Орхон дарыясы узундугу 1 124 км аралыкты түзсө, эң чоң көлү Убсу-Нур болуп эсептелет.Климаты тез өзгөрүп турган континенталдык катаал шарттагы кыш айылары, минус–45…50°С. чейин суук, жай мезгили плюс 20° С — 35° жетип, июль айы гана жылуу болот. Улан-Батордо январь айындагы абанын көрсөткүчү боюнча дүйнө жүзүндөгү эң суук борбор шаар делип эсептелет.

Жалпы калкынын саны 1951 жылдагы эл каттоодо -786.869 болсо, 1963-жылында өсүш деңгээли, 1 026 856, ал эми, 2018-жылы 3 143 890 жеткен. Анын ичинде элдин 53% буддизм, 3% ислам, 2.9% шаман, 2.1% христиан диндерин карманышат.

Мамлекеттик тили монгол тили. Калктын негизги катмары улутуна карабастан, монгол тили бир нече диалектиге бөлүнсө да,өз ара заманбап монгол тилинде пикир алышат. Баян-Улэгэй аймаганда (областы) билим берүүдө, мектептерде казак тили колдонулат.

1945-жылдан ушул убакытка чейин адабий тилдин берилүүсү кирилл- орус алфавитинин негизинде, ө жана ү тамгалары кошулуп, халхасс диалектисинде берилип келет. Билим берүү системасына өзгөчө көңүл бөлүңөт. 1992- жылга чейин мектептерде орус тили предмет катары окулуп келген. Ошондой болсо да, учурда жаштар англис жана кытай, япон тилдерине көбүрөөк көнүл бөлүшөт.

Мамлекет Монгол элинин көчмөн жашоосуна карата жыл мезгилдерине ылайыкташтырылган мектеп-интернаттарды түзүү менен калктын бардык катмарын сабатуулукка үйрөтүүгө жетишкен (2003-жылы сабатсыздык 2%түзгөн). Мектепте он жылдык билим алуу 6 жаштан 16 жашка чейинкилерге милдетүү түрдө киргизилген (алардын алтысы башталгыч класс болуп эсептелет). 2008-2009жылдары 12 жылдык билим берүү үчүн атайын программалар иштелип чыккан. Бирок бул жаңы окуу система 2019-2020 жылдары гана толугу менен ишке киришет. Мындан башка дагы 16-18 жаш курактагылар үчүн кесиптик билим берүүгө даярдоого карата атайын курстар бар. Бүгүнкү күндө Монголияда ар бир тармак боюнча жогорку билим алуу үчүн жети университет жаштарды окутуп, келечек кесип ээлерин даярдайт.

Улан-Батордогу Монгол улуттук университети 1942 –жылы түзүлгөн бирден бир абройлуу, университетерден болуп эсептелет.

Монгол элинин өзгөчөлүк жактары өз улутунун маданиятын жогору баалоосу . Ошону менен бирге эле, өзүнүн тегин, үй бүлө баалуулуктарын, салт-санаасын, байыркы монгол адабияттарында , көркөм искусствосунда, заманбаб поп-музыкасында даназалоо менен мамиле жасашат. Андан башка дагы бир өзгөчөлүгү монгол элинин меймандостугу, жөнөкөйлүгү. Монголдорду жашоосунун эң башкы улуттук сыймыгы бул- боз үйү. Бүгүнкү күнгө чейин, жаратылыштын татаал климаттык шартында, боз үйдө жашап жаткан көчмөн монгол турмушунун өз улутунун тээ байыркы замандан бери келе жаткан чыдамкай кайраттуу, эр жүрөк эл экендингин далилдеп турат.

Монголдордун улуттук салттуу эки майрамы, «Наадам» жана « Цаган сар» болуп эсептелет.

«Цаган Сара»- Монголдордун байыртадан келе жаткан салттуу майрамдарынын бири. Ал жөнүндө 13- кылымда Марко Поло Пекиндеги аксарайдагы майрам тууралуу өзүнүн эскерүүлөрүндө жазып калтырган. 22-24 январда, айдын жаңы жаңырышына карата өткөрүлүүчү майрам.

«Наадам» - улуттук майрам. Жылда 11-13 июлда, «1921- жылдагы Элдик революциянын» күнүнө карата Улан-Батордо белгиленүүчү монгол элинин жакшы көргөн майрамы. 26 –Ноябрь эгемендүүлүк күнү.

Ар бир майрамда сөзсүз түрдө монгол эли улуттук кийимдерин кийинишип, салттуу оюн- зоогу,музыкалык аспаптарынын коштоосунда калктын шаңдуу көнүл ачуу салтанатына айланат. Улуттук оюндар;- балбан күрөш, жаа атуу, ат оюндары, ошондой эле спорттук оюндар да коштойт. Жеңүүчүлөргө салтанат менен сыйлык тапшырылат.

Монголдор жаңы жылды эртең менен тосушат.Будда храмына барышып, отко сыйынышып, эски буюмдарын өрттөп, жакшы тилек тилөө жөрөлгөлөрүн жасашып, майрамдашат..Улуттук кийимдер жаш өзгөчөлүгүнө жараша майрамдык маанайда шөкөттөлгөн жасалгалары менен жарашыктуу көрүнөт.

Шаар четиндеги же кээ бир аймактардын ичинде деле, монголдордун катарынан тигилген боз үйлөрү тизилип, кадимки эле-көчмөн элдин, жашоосунан кабар берип турат. Монголдордун боз үйдөгү жашоо шарты жылдын ар мезгилине карата керектүү заманбап буюмдар, электр мештери, үй тиричилик техникалары, полго ылайыктуу жылыткыч төшөлгөн, чакан үй- бүлөгө учурдун талабына жараша жасалгаланган. Короолорунда спутник тарелкалары, күн батареялары, мобилдик байланыш антенналары жайгаштырылган.

Манас- Турк университетинде иштеген Нурдин Имаев,Кайрат Белек, Абдрасул Исаков деген жигиттер,симпозиумда өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрү менен айырмаланышты.

250 тонна, 40 метр болгон Чынгыз хандын эстелиги.

 
Main page Contacts Search Contacts Search