КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкерлери 2019-2020 окуу жылындагы мугалимдердин август кеңешмесинде

«Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттарынын бири- санарип технологиялары адамдын турмушунда» деген теманын алкагында быйылкы 2019-2020 окуу жылында республиканын бардык аймактарында мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкерлери да билим берүүнүн заманбап багыттары боюнча мугалимдердин алдына илимий докладдары менен чыгып, алар менен ой бөлүшүп кайтышты.
Ысык-Ата районунда 30-августта болуп өткөн пленардык кеңешмеде педагогика илимдеринин доктору профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын вице президенти У.Э. Мамбетакуновдун «Санариптештирүү өлкөнүн келечеги» деген темадагы доклады кеңешменин катышуучулары тарабынан кызуу кабыл алынды. Бардык предметтер боюнча билим берүүнүн
Маселелери КББА нын сайтына жайгаштырылаарын белгилеп өттү. Табигый-математикалык билим берүү маселелери боюнча Чүй областынын Аламүдүн районунундагы Көк-Жар айылында Апас Жумагулов атындагы жалпы билим берүүчү мектепте райондун бардык химия мугалимдери менен «Табигый-илимий билим берүүнүн концепциясын ишке ашыруу заманбап билим берүүнүн багыттырынын бири» деген теманын айланасында КББА нын жетектөөчү илимий кызматкери Б.С. Рыспаеванын катышуусунда мугалимдер менен пикир алмашуу, талкуу болду.

Мугалимдер менен химиялык билим берүүнүн маселелери боюнча пикир алмашуу учуру.

Аламүдүн районунун мектептеринин химия мугалимдери менен семинардан кийин (28.08.2019 жыл).

Химия предмети боюнча методикалык кеңешинин жетекчилери Гулмира Орозбаева, Аманова Жылдыз менен биргеликте мектептерде эксперименталдык аянтчаларды уюштуруу боюнча маселелер да талкууланды.

Бишкек шаардык билим берүү департаментинин бащкы адиси Гулмира Каленовна Акматова Бишкек шаарындагы мектептерде химиялык билим берүүнүн абалы тууралуу сөз козгоду. КББА нын илимий кызматкери Рыспаева Б.С. учурда химиялык билим берүүдө санариптештирүү  технологиясын пайдалануу  окутуунун сапатын жогорулатуунун өбөлгөсү болоорун белгиледи.  Жаңы мазмундагы окуу методикалык комплекстерди, окутуунун жаңы технологияларын учурдун талабына ылайык кайрадан өзгөртүп түзүү аны эксперименталдык аянтча уюштурулган уюмдарда апробациялоону КББА менен биргеликте иш алып баруу жөнүндө талкуу, пикир алмашуу болду.

Ысык-Ата районунун Динара Мамашова атындагы жалпы билим берүүчү мектепте 29-августта педагогикалык кеңеште КББА нын ТМББТМ лабораториясынын илимий иштеринин бири болгон «Химия предмети боюнча мазмуну  компетенттүүлүкө негизделген окуу-методикалык комплекси  (8-9 кластар үчүн) аркылуу окутуунун методикасын  апробациялоо эксперименталдык аянтчада педагогикалык экспериментти 8а (ЭК) 8б (ТК), 9а (ЭК) , 9б (ТК ) класстарда коюу боюнча чечим кабыл алынды.

Динара Мамашова атындагы мектепте педагогикалык кеңеште чечим кабыл алуу учуру.

Табигый-математикалык предметтер боюнча 2024- жылы өткөрүлүүчү ПИЗА га даярдыкты азыртадан көрүү жөнүндө сүйлөшүлдү. Мугалимдер КББА нын кызматкерлери предметтер боюнча ПИЗА нын  материалдарын иштеп чыгып берсе деген суранычтарын айтышты.

Жыйынтыгында быйылкы 2019-2020- жылдагы август кеңешмелеринде мугалимдердин мурунку жылдарга салыштырмалуу окуу тарбия процессине кайдыгер карабай активдүү катыша баштагандыгы белгилүү болду.

Материалды даярдаган: КББА нын  химия предмети боюнча жетектөөчү илимий кызматкери, п.и.к.  Рыспаева Б.С.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial