КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Аспирантурага кабыл алуу

Кыргыз билим берүү  академиясы 

2019 -2020- окуу жылына бюджеттик жана контракттык негизде төмөнкү адистиктер боюнча аспирантурага кабыл алууну  жарыялайт:

13.00.01 – Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы;

13.00.02 – Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (окуу предметтери боюнча);

13.00.04 – Дене тарбиянын теориясы жана методикасы, спорттук машыгуу, ден соолукту чыңдоо жана дене тарбиянын адаптациясы;

13.00.08 – Кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы.

Окуу күндүзгү жана сырттан окуу түрүндө жүргүзүлөт.

Аспирантурада окуу мөөнөтү өндүрүштөн ажыратылып-3 жыл, өндүрүштөн ажыратылбай-4 жыл.

Аспирантурага кирүү үчүн төмөндөгүдөй экзамендер тапшырылат:

  1. Тандап алган адистиги боюнча
  2. Философия
  3. Англис же немец тилдери
  4. Мамлекеттик тил

Кирүү экзамендери 2019 – жылдын 1-ноябрынан

30- ноябрына чейин жүргүзүлөт.

Документтер  2019-жылдын 1-октябрынан

31-октябрына чейин  кабыл алынат .

Керектүү документтер:

  1. Кыргыз билим берүү академиясынын президентинин наамына арыз.
  2. Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүү менен).

3.Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (күбөлөндүрүү менен, 2-     жылдан кем эмес илимий-педагогикалык стаж).

  1. Быйылкы 2018-2019-окуу жылы жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөндөр окуу жайдын окумуштуулар кеңешинин чечими менен тапшырышат.
  2. Өздүк баракча, сүрөтү менен.
  3. Өмүр баяны.
  4. Реферат.
  5. Илимий эмгектердин тизмеси.

Кыргыз билим берүү академиясы.

Дареги: 720040, Эркиндик бульвары, 25. Аспирантура бөлүмү, 22-бөлмө.

КББАнын сайты: http://kао.kg

Тел.: 62-14-39, электрондук почта: kao_12@mail.ru, b.beishenbaeva@yandex.ru

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial