КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Ачык эшик күнү

КЫРГЫЗ

БИЛИМ БЕРҮҮ

АКАДЕМИЯСЫ

 

www.kao.kg

kao_12@mail.ru

https://www.facebook.com/KyrgyzAcademyEducation/

 

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Ачык эшик күнү

 

Өткѳрүү убагы: 17-сентябрь 2019-жыл саат: 10:00

Өткѳрүү орду: Бишкек ш., Эркиндик гүлбагы, 25

2019-жылдын 17-сентябрында Кыргыз билим берүү академиясында Ачык эшик күнү ѳткѳрүлѳт.

Кыргыз билим берүү академиясынын ишмердүүлүгүнѳ байланыштуу коомчулукта суроолордун кѳп болгонудугуна байланыштуу Ачык эшик күнүнүн жүрүшүндѳ академиянын негизги ишмердүүлүгү боюнча бет ачар (презентация) кѳрсѳтүлѳт жана КББАнын жетекчилиги менен жолугушуу жана суроо-жооптор болот.

Билдирүү үчүн: 1951-жылы ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн Токтому менен Кыргыз педагогикасы илим-изилдѳѳ институту (КирНИИП), 2003-жылы ушул институттун базасында Кыргыз билим берүү академиясы түзүлгѳн. Анын курамына кошумча Жогорку мектептин проблемасы боюнча кыргыз илим-изилдѳѳ институту жана Информатика жана маалыматтык технологиялар кыргыз институту кирген. Академиянын тең уюштуруучусу – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

Уюштуруу-укуктук формасы боюнча Академия билим берүү чѳйрѳсүндѳ илимий-изилдѳѳчүлүк, илимий-методикалык, эксперттик жана басып чыгаруучулук ишмердүүлүктү жүзѳгѳ ашыруучу мамлекеттик мекеме болуп эсептелет.

Академиянын функциялары:

  • педагогика илими тармагында изилдѳѳлѳрдү жүргүзүү, билим берүүнүн ѳнүгүүсүнүн негизги тенденцияларын аналитикалык талдоо жүргүзүү, билим берүүнүн актуалдуу кѳйгѳйлѳрүн аныктоо жана аларды чечүүнүн жолдорун аныктоо;
  • мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкаркы жана кесиптик билим берүүнүн технологияларын жана жаңы принциптерин жайылтуу боюнча илимий-методикалык иштер;
  • предметтик билим берүүнүн стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билим берүүсүнүн билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык базистик окуу пландын долбоорун иштеп чыгуу;
  • окутуу процессин окуу-методикалык жактан жаңылоо, окуу-методикалык материалдарын иштеп чыгуу жана апробациядан ѳткѳрүү процессин эксперттик-аналитикалык жактан коштоо;
  • окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу процессин окуу-методикалык жактан камсыздоо боюнча эксперттик-аналитикалык редакциялык-басып чыгаруу иштери.

Уюштуруу комитети

  • 0556077135 Зарема Толобекова
  • 0550161722 Эльвира Супатаева

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial