КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтык

2020-жылдын 13-февралында Кыргыз билим берүү академиясында Корея Республикасындагы Окуу программалары жана баалоо боюнча Корея институтунун доктор Чанг жетектеген өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Анда Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында, мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартын жана предметтик стандарттарды кайра иштеп чыгууда өз ара кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.

2017-жылы Кыргыз билим берүү академиясынын айрым өкүлдөрү: А.Д.Токтомаметов, М.К.Иманкулов, К.К.Жунушалиева Кореяда болуп, дал ушул Окуу программалары жана баалоо боюнча Корея институтунунда болуп, алардын иштери менен таанышып, Кореядагы билим берүү системасынын өнүгүшү, жетишкендиктери менен таанышып келишкен.

Бүгүнкү жолугушууда Корея Республикасынын өкүлү өз өлкөсүнүн билим берүү системасы, Окуу программалары жана баалоо боюнча Корея институту тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, аталган институтта 400 кызматкер иштеп, окуу пландарын, предметтик стандарттарды жана программаларын, окуу китептерин иштеп чыгуу, мугалимдерди окутуу менен алектенип, окуучулардын билимдерин улуттук жана PISA программасы сыяктуу эл аралык баалоолорду өткөрөт. Мындан тышкары, мектептер жана колледждер үчүн кирүү экзамендерин, мугалимдерди тандоо боюнча тесттерди иштеп чыгууга катышат.

Доктор Чанг Кыргызстанга келген учурда, билим берүүнүн түрдүү багыттары боюнча иштер түрдүү уюмдары тарабынан жүзөгө ашырыларына күбо болгонун жана окутууга эмес, баалоого аблан көп көңүл бурулуп жаткандай сезилерин билдирди. Корея Республикасында болсо, бул маселелердин бардыгына бир мекеме, аталган институт жооп берерин айтты. Андан ары жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, өз ара пикир алмашуу болду.

Кызматташуу боюнча доктор Чанг конкреттүү долбоордук билдирме менен KOICA уюмуна расмий кайрылуу керектигин кошумчалады.

fb-share-icon

Один комментарий к Билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтык

  1. Great content! Super high-quality! Keep it up! 🙂

    Постоянная ссылка

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial