2020-жылдын 25-февралында Аламүдүн районунун Ж. Касымбаева атындагы Лебединовка №2 мектеп-гимназиясында Аламүдүн районунун облустук семинары болуп өттү. Семинардын темасы “Заманбап технологияларды колдонуу-сапаттуу билим берүүнүн бирден бир шарты”. Семинар 2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына” карата уюштурулду. Семинардын негизги максаты мугалимдер үчүн тажрыйба алмашуу. Семинардын жүрүшүндө 7 ачык сабак өтүлдү. Ошондой эле директорлор, методисттер ж.а мугалимдер үчүн тренингдер, окуучулардын долбоорлору, көргөзмөлөр уюштурулду. Бул семинарга КББАнын илимий кызматкерлери Алымбаева Бермет, Мансапова Гулира катышты.