КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Ата-энелерге жардам жана мугалимдердин статусун көтөрүү боюнча жаӊы телерадио берүүлөр

Кыргыз билим берүү академиясы учурдагы абалды эске алып, 2020-жылдын 27-апрелинен баштап “ЭлТР” МТРКсынын “Билим Илим” каналы менен биргеликте ата-энелерге педагогикалык-психологиялык жардам көрсөтүү максатында «Ата-энелер мектеби» аттуу берүүнү эфирге алып чыкты. Телеберүү күн сайын 19:40та, 20 мүнөттөн көрсөтүлмөкчү. Берүүгө Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, мектеп психологдору жана ата-энелер катышууда. Алгачкы берүүлөрдө Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов “Психологиялык жагымдуу жагдай түзүү же баарлашуунун мааниси”, “Эрте жаштан өнүктүрүү же зордук-зомбулуктун очогу кайда” аттуу темаларда өзүнүн кеп-кеӊештерин берди.

Мындан ары дагы бул көрсөтүү аркылуу академиянын кызматкерлери, мектеп психологдору жана ата-энелер пайдалуу маалыматтарды Сиздер менен бөлүшмөкчү. Мисалы, көрсөтүлүүчү темалар жана спикерлер: проф. Рысбаев С.К. “Балдарга китеп окуунун пайдасы тууралуу”, “Үйдө китеп окуу чойросун түзүүнүн он шарты”, проф. Добаев К.Д. “Үй-бүлөдөгү тарбия эмнеден башталат?”, педагогика илиминин кандидаты Жумабаева Г.А. “Балдарды тарбиялоодо ата-эненин ролу”, проф. Мамбетакунов У.Э. “Бала жана санариптештирүү”, ага илимий кызматкер Козубаева Б.У. “Өспүрүмдөрдү ыймандуулукка тарбиялоодо үй-бүлөнүн мааниси”, ага илимий кызматкер Алымбаева Б.Б. “Үй-бүлөдөгү ата-эненин тарбиясы анын балдарга тийгизген таасири”, Дуйшеналиев Ж.С. “Ата-энелерге кеңеш: үй шартында музыканы биргеликте угабыз”, Жумабаева Д.Б. “Дисттанттык окуу процессинин окуучуларга тийгизген таасири” ж.б. Көрсөтүүнү уюштуруучулар: Эльвира Супатаева жана Гулира Мансапова.

Ошондой эле, Биринчи радиодо алыскы аймактардагы мугалимдер, мектеп жетекчилери менен бирдикте карантин учурунда ата-энелерге балдарды тарбиялоо, аларга мамиле жасоо, балдардын окуусун уюштуруу маселелеринде жардам берүү максатында “Ата-энелер, Сиздер үчүн” аттуу радио берүүлөрдүн сериясы башталып, алгачкы берүүгө алыскы Лейлек районундагы № 3 гимназиянын директору, “Ата-энелер, Сиздер үчүн” китебинин автору, “Энелер мектебинин түзүүүчүсү Гапыр Мадаминов катышты.

Кыргыз билим берүү академиясы мугалимдердин статусун көтөрүү, мугалимдерге моралдык, материалдык колдоо көрсөтүү максатында жыл башында “Жаңычыл мугалим” телеберүүсүн баштаган. Берүү жумасына бир жолу көрсөтүлөт. Берүүнү дүйшөмбү күндөрү саат 20.00дө “ЭлТР” МТРКсынын Билим Илим каналынан көрсөӊүздөр болот. “Жаңычыл мугалим” телеберүүсүнө катышууга сунушталуучу мугалимдердин даректерин Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Мансапова Гулирага жөнөтсөӊүздөр болот mansapovag@bk.ru.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial