КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

“Манастаануу” курсун окутууда электрондук окуу материалдарын колдонуу”

2020-жылдын 10-сентябрь күнү Билим берүү жана илим министрлигинде республика боюнча  “Манастаануу” курсун окутууда электрондук окуу материалдарын колдонуу” аттуу вебинар болуп өттү. Вебинарга КББАнын вице президенти  п.и.д., профессор У.Э. Мамбетакунов, ф.и.д., профессор С.О. Байгазиев, п.и.к., илимий кызматкер З.К. Мурзалиева, илимий кызматкер А,Б.Батыркуловалар катышты.

Республиканын ар кайсы региондорунан кыргыз адабияты сабагынын  мугалимдери вебинарга  ZOOM  платформасы аркылуу катышышты.  Негизги маселе катары кыргыз адабияты предметинин жетишкендиктери жана көйгөйлөрүнө басым жасалып, мугалимдер берилген  суроолоруна жеткиликтүү жоопторду алышты.

Ошондой эле, учурдагы кыргыз адабияты предметинин стандарты, окуу программасы жана окуу китептери боюнча профессор С.О.Байгазиев кеңири маалымат берди. Мугалимдердин берген суроолоруна, – жаңы окуу программасы, окуу китептери боюнча болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун түшүндүрдү.

“Манастаануу” курсун окутууда электрондук окуу материалдарын колдонуу боюнча  З.К.Мурзалиева мугалимдердин суроолоруна жооп берип,  сунуштарын айтты.

                                                                          Мурзалиева З.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial