КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Методикадагы жанылыктар

2020-жылдын 11-сентябрь күнү Билим берүү жана илим министрлигинде республика боюнча  “Методикадагы жанылыктар (Көркөм өнөр, Технология) ” аттуу вебинар болуп өттү. Вебинарга:

Д.А. Акматов – КББАнын “Технология, искусство жана ден соолук маданияты тармактарынын проблемалары” лабораториясынын ага илимий кызматкери;

А.М. Оторбекова – Ж.Баласагын атындагы КУУнун пед. фак. «Көркөм өнөр” жана “Технология” предметтери боюнча ага окутуучусу;

К.У. Жамангулова – Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Кесиптик педагогикалык колледжинин “Көркөм өнөр” жана “Технология” предметтери боюнча ага окутуучусу катышты.

Республикабыздын ар тарабында эмгектенип Вебинарга  катышкан мугалимдер Көркөм өнөр, Технология предметтеринин учурдагы абалы жана келечеги боюнча маалыматтарды алышты. Мугалимдер тарабынан айтылган көйгөйлөрдү чечүүдө, эң алгач предметтик билим берүү стандарттарында белгиленген негизги талаптардын кечиктирбей аткаруунун зарылдыгы айтылды. Жогоруда аталган предметтерди окутууда Интернет-ресурстарын колдонуу, долбоордук сабактарды өтүү, окуучулардын кесип тандоосуна багытталган сабактан тышкаркы ишмердүүлүктү уюштуруу негизги маселе катары талкууланды. Мугалимдер берген  суроолоруна жеткиликтүү жоопторду алышты.

 

Акматов Д.А.

 

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial