КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Жыныстык тарбия саатын мектепке киргизүү зарылбы?

Коомчулукта ар тараптуу пикир жаратып жаткан суроого Кыргыз билим берүү академиясы жана Марал радиосу, 24 Тв каналы менен биргеликте уюштурган “Тарбияда танапис жок” көрсөтүүсүнөн жооп ала алдык.

Менин жеке пикиримде өзүнчө предмет болуп киргизиштин зарылчылыгы жок. Көпчүлүк предметтерге кошуп окутуу керек. Мисалга алсак, башталгыч класстарда мекен таанууда, 5-класста адам жана коомдо, информатикада маалыматтык коопсуздукта, андан тышкары класстык тарбиялык сааттарда өтүлөт – дейт КББАнын президенти А.Д.Токтомаметов.

Ал эми Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев:

Биздин коомдо ар тараптуу көйгөйлөр бар. Бир гана жыныстык тарбияга токтолбошубуз керек. Баңгилик, аракечтик ж.б. Балдарга ата-энесинин берген таалим-тарбиясы маанилүү болушу зарыл. Жыныстык тарбияны берүү бул ата-эненин мойнундагы милдет. Бала белгилүү жашка келгенде кызды энеси, баланы атасы диндин негизинде түшүндүрүп бериши зарыл. Элдин аң-сезими бул сабактын киргизилишине даяр эмес. Биздин улуттук жана диний баалуулуктарыбызга бул нерсе туура келбейт .

Эксперт Кеңешбек Сайназаров: Дүйнөлүк практика 3 негизги нерсеге көңүл бурат: 1.Үй-бүлөнүн ичиндеги мамилени бекемдөө. 2.Ата менен эненин жоопкерчилиги. 3.Зордук-зомбулукка кабылганда коомдо жазалоо алкагында карашат – деп өз оюн билдирген.

Көрсөтүүнү көрүү үчүн КББАнын YouTube каналына кириңиздер.

Мансапова Гулира

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial