Кыргыз билим берүү академиясынын жалпы жамааты Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, башкы илимий кызматкери Байгазиев Советбек Орозкановичти КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН АРДАКТУУ АКАДЕМИГИ деген наамды алышы менен чын ыкластан куттуктайт!
Кыргыз Эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, Манас, Айтматов коомдук академияларынын академиги, Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү, КРнын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, бир катар ЖОЖдордун Ардактуу профессору Советбек Орозканович Байгазиев Кыргызстандын адабият таануу, педагогика, Манастаануу илимдерине зор эмгек сиңирген инсан. Советбек Орозканович бүгүнкү күндө илим тармактарында 80ден ашык илимий, илимий-популярдуу, окуу методикалык жана таалим-тарбия китептердин автору. Илим-билимдин өнүгүшө өз салымын кошуп келе жаткан Советбек Орозкановичке КББАнын жалпы жамааты чың ден соолук, кажыбас кайрат, узун өмүр, чыгарамачылыкта ийгиликтерди каалайт!