КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

И. Б.Бекбоевду эскерүү кереге отуруму.

Кыргыз билим берүү академиясынын конференция залында 2023-жылдын

20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, КР Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын Лауреаты, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, Эл аралык социалдык жана педагогикалык илимдер академиясынын академиги (Москва ш.), илимий мектептин негиздөөчүсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоевич Бекбоевдин жаркын элесине,  93  жылдыгына арналган «Ааламдашуу доорунда улуттук баалуулуктардын негизинде илимий педагогикалык мурастар жана инновациялык технологиялар» аттуу темадагы кереге отурум болуп өттү. Кереге отурумду КББАнын вице –президенти п.и.к. Т.А. Коңурбаев ачты.

Кереге отурумга И.Б. Бекбоев менен педагогика илиминин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп үзөнгүлөш чогуу иштеген, учурда Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал окумуштуу инсандар Э.М.Мамбетакунов, С.О. Байгазиев, С.К. Рыспаев, А.М.Мамытов, С.Калдыбаев  жана Кыргыз билим берүү академиясынын илимий  кызматкерлери, И.Б. Бекбоевдин илимий  окуучулары катышышты.

Жогорудагы педагог-окумуштуулар И.Б.Бекбоевдин жаркын элесине арналган эскерүүлөрүндө п.и.д., профессор Э.М.Мамбетакунов,  И.Б.Бекбоевдин инсандыгы жана инсанга багытталган ишмердүүлүгү жөнүндө баяндаса, ал эми   филол.и.д., профессор С.О. Байгазиев И. Б. Бекбоевди  улуттук педагогиканын улуу устаты катары сыпаттады. Профессор С.К.Рысбаев И.Б.Бекбоевдин жарыялана элек илимий педагогикалык эмгектерин жарыкка алып чыгып  И.Б. Бекбоевдин илимий-педагогикалык мурастары боюнча баяндама жасады.

Табигый –илимий жана математикалык билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери, п.и.к. Б.Рыспаева И.Б. Бекбоевдин  окуу китептерди, окуу-методикалык колдонмолорду  иштеп чыгуунун илимий-методикалык негиздеринин, көрсөтмөлөрүнүн практикада колдонулушу тууралуу сөз сүйлөдү.

Бишкек шаарынын проф. А. Молдокулов атындагы УИТМЛ директору п.и.к. М.Т.Касымалиев И.Б.Бекбоевдин математика боюнча электрондук окуу китептеринин мектепте пайдаланылып жаткандыгын видео аркылуу көрсөтүп берди. Бекбоевдук педагогикалык окуу тууралуу п.и.д., профессор К.М.Төрөгелдиева баяндады. Ал эми  п.и.к. А. Кыдыралиева И.Б. Бекбоевдин илимий педагогикалык жана уюштуруучулук ишмердүүлүгү жөнүндө диссертациялык ишинин жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады.

И.Б. Бекбоевдун уулу  Бекбоев Эмил кереге отурумду уюштурган КББА нын жамаатына жана келген конокторго ыраазычылык билдирди.

Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен проф. Э.М.Мамбетакуновго, проф. С.О.Байгазиевге, доцент М.Т.Касымалиевге, жана п.и.к. А.Кыдыралиевага  И.Б. Бекбоев атындагы төш белги жана сыйлыктарды тапшыруу аземи менен кереге отурум жыйынтыкталды.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial