КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Пресс-релиз

Мекеним менден башталат!

2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында

«Кыргыз жараны» деп жарандардын өзүн таануусун

өнүктүрүүнүн концепциясын жүзөгө ашыруунун алкагында

  1. 2023-жылдын 15–16-сентябрында Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан «Билим Ордо» коомдук-интеллектуалдык фонду, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук билим берүү бөлүмү жана Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби менен биргеликте 2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында «Кыргыз жараны» деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын жүзөгө ашыруунун алкагында даярдалган жалпы билим берүү уюмдарынын (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин, студенттердин жана окумуштуу педагогдордун «Ата Мекен алдындагы жарандык милдет» деген темадагы облустук илимий-тажрыйбалык конференциясы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде өткөрүлдү.
  2. Илимий-тажрыйбалык конференциянын секциялары:

1-секция. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу.

2-секция. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо.

3-секция. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.

4-секция. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу.

5-секция. «Адамдардын тарыхы — өлкөнүн тарыхы» жаран таануу долбоору Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө салым кошкон жана кошуп жаткан инсандар жөнүндө.

  1. «Ата Мекен алдындагы жарандык милдет» темасындагы облустук илимий-тажрыйбалык конференцияга Тоң районунун Азиз Салиев атындагы, Болот Мамбетов атындагы, Турсунаалы Мырзамамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринин, Кочкор районундагы «Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби» мекемесинин, Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы жалпы орто билим берүү мектеп-лицей-интернатынын, Бишкек шаарындагы № 91-мектеп-гимназиясынын, «Кыргызстан Эл аралык университетинин» Окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин Nomad колледжинин окуучулары жана мугалимдери өздөрүнүн илимий багыттагы баяндамалары менен катышты: 16 окуучу, 8 мугалим. Аларга Кыргыз билим берүү академиясынын Сертификаты тапшырылды.
  2. Жалпысынан, Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары жана мугалимдер жамааты, Уюштуруу тобундагы 19, Илимий эксперттик комиссиядагы 15 мугалим жана окумуштуу педагогдор чыгармачыл жигердүүлүк менен эмгектенишип, Ысык-Көл облустук илимий-тажрыйбалык конференциянын ийгиликтүү өткөрүлүшү шартталды.
  3. Эң жакшы даярдалган кызыктуу баяндамалары үчүн Тоң районундагы Турсунаалы Мырзамамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Темирканова Сауле Жоомартовна, Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 6-А классынын окуучусу Эреншаева Адинай, 11-классынын окуучусу Асылбекова Айтолкун Кыргыз Билим берүү академиясынын I даражадагы диплому, «Билим Ордо» коомдук интеллектуалдык фондунун «Түрк дүйнөсү: Мен — изилдөөчүмүн!» медалы, Тоң айыл өкмөтүнүн демөөрчүлүгү менен бөлүнгөн 3000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты;
  4. Жакшы даярдалган кызыктуу баяндамалары үчүн Нарын облусунун Кочкор районундагы «Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби» мекемесинин 11-классынын окуучусу Эркинбекова Айжаркын, Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы жалпы орто билим берүү мектеп-лицей-интернатынын 10-классынын окуучусу Исмаилова Зухра Худайбердиевна Тоң районундагы Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 9-классынын окуучулары Жумабаева Сүйүн Бактыбековна жана Качкынова Айназик Улановна Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин II даражадагы диплому, Тоң айыл өкмөтүнүн демөөрчүлүгү менен бөлүнгөн 2000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты;
  5. Кызыктуу баяндамалары үчүн Нарын облусунун Кочкор районундагы «Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби» мекемесинин 10-классынын окуучусу Курманбекова Айымжан, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 8-А классынын окуучусу Исматова Бермет Жаркынбековна, 9-классынын окуучулары Жолдошбекова Раушан Кубанычовна жана Шаршеева Асема Бакытбековна, Азиз Салиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин III даражадагы диплому, Тоң айыл өкмөтүнүн демөөрчүлүгү менен бөлүнгөн 1000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты.
  6. «Ата Мекен алдындагы жарандык милдет» темасындагы облустук илимий-тажрыйбалык конференциясы ийгиликтүү аяктагандан кийин, 16-сентябрда, конференциянын катышуучулары үчүн «Тоң айылы —Манжылы-Ата мазары, Мойт Акенин күмбөзү — Кең-Сай «Жаратылыш жомогу» — Тоң айылы» маршруту боюнча кызыктуу саякат уюштурулду.

Даярдаган А. Б. Элебесова.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial