“Мектепте химияны окутуунун койгойлору жана аны чечуунун жолдору” деген темада вебинар министрликтин залында 14.09.саат 15-00те республиканын химия мугалимдери менен Онлайн платформасында өттүк.
Аралыктан химияны окутууда zoom Google Classroom, Я Класс сайты ж.б пайдалануу боюнча маалымат берилди. Окуучулар менен өтүлгөн Онлайн сабактын ютубдагы ссылкасын https://www.youtube.com/watch?v=n8a16milaeUY0uTub бердик.
Химияны аралыктан окутууда санариптик технологияны колдонуу боюнча Рыспаева Б.С., Алишерова Б. менен бирге иштеп чыккан электрондук презентацияларды Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына (https://www. kao. кg) Электрондук ресурстар бөлүмүнөн алып, мультимедиялык жана видео сабактарга пайдалансаңар болот деген маалыматтарды бердик.
Андан сырткары сабактын бирдиктүү структурасынын үлгүсүн иштеп жатканыбызды жакында Кут билим газетага жарыялаарыбызды да айттык. PISA-2024 тесттик тапшырмалар боюнча маалымат бердик.
Мугалимдерге аралыктан өткөрүлгөн вебинардын кыскача маалыматынын слайд түрүндөгүсүн караңыз.