Ушул жылдын 31-майында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде КРнын Эл мугалими, профессор Исак Бекбоевдин 90 жылдыгына арналган «Бекбоевдик окуулар-2019 алкагында: Коомду санариптештирүү шартында билим берүү» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Кыргыз билим берүү академиясынан алты илимий кызматкер: профессор С.Рысбаев, доценттер Б.Мурзаибраимова, Б.Абдухамидова, Г.Карагозуева, Б.Жакышова, Э.Супатаевалар барып катышып келди.
С.Рысбаев пленардык отурумда «Кыргыз тилин үйрөтүүнүн заманбап технологиялары» аттуу темада баяндама жасады.
Секцияларда:
Г.Карагозуева: «Математик мугалимдеринин компетенттүүлүгүн калыптандыруу»;
Б.Абдухамидова: «Башталгыч мектепте окуучуларды окуганын түшүнүүгө үйрөтүүнүн жолдору»;
Б.Жакышева: «Химияны окутууда компетенттик мамилени ишке ашыруу»;
Б.Мурзаибраимова «Физика, астрономия жана табияттаануу предметтерин жаңы предметтик стандарттын негизинде окутууну уюштуруу;
Э.Супатаева: «Профилизация школы Кыргызстана в условиях цифровизации» аттуу темаларда баяндама жасашты.
Конференциянын жыйынтыгында үндөө кабыл алынды.
Анда:
-2019-жылы И.Бекбаевдин 90 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилөө;
– И.Бекбоевдин Математика окуу китептерин компетенттик негизде толуктап иштеп чыгуу;
-Кыргызстандын ар бир ЖОЖдорунда профессор И.Бекбоевдин кабинетин уюштуруу;
-И.Бекбоев атындагы республикалык сыйлык уюштуруу ж.б. белгиленди.
С.Рысбаев