КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ

КЫРГЫЗСКАЯ АКАДЕМИЯ ОБРАЗОВАНИЯ

Кыргыз билим берүү академиясында профессор Исак Бекбоевич Бекбоевдин илимий китепканасынын ачылышы болду.

2020-жылы 24-январда Кыргыз билим берүү академиясында Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, КРдин Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти, Эл аралык социалдык жана педагогикалык илимдер академиясынын академиги (Москва ш.), Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, илимий мектептин негиздөөчүсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоевич Бекбоевдин илимий китепканасынын ачылышы болду.

Илимий китепкананын ачылышына КББАнын президенти Алмазбек Токтомаметов, КББАнын кызматкерлери жана И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Толобек Абдырахманов, проректор Тууганбай Конурбаев, Исак Бекбоевдин жубайы Кобонова Сайра, балдары жана неберелери Бекбоев Эмиль, Бекбоев Бахридин, Бекбоев Бек жана мектеп мугалимдери катышты.
КР Эл мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор Бекбоев Исак Бекбоевичтин 90 жылдык юбилейине арналган бул Эл аралык илимий-практикалык конференция Кыргызстандын жана эл аралык педагогикалык коомчулуктун катышуусунда 2020-жылдын 31-январында 9.30да «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда пленардык отуруму өткөрүлөт. Секциялык отурумдар А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 13.30 да башталат.

Илимий китепканада И.Бекбоев тарабынан жарык көргөн эмгектер, окумуштуу-педагогго арналган стенддер орун алган.

Башкы стенд 3 бөлүктөн туруп, анда Исак Бекбоевдин өмүрүнүн, ишмердүүлүгүнүн урунттуу даталары, илимий даражалары жана наамдары, эл аралык жана коомдук сыйлыктары чагылдырылган. Тактап айтканда:
1. Өмүрүнүн жана ишмердүүлүгүнүн урунттуу даталары
1930-жылдын 10-январында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында туулган.
1948-жылы Кемин районундагы Жаңы-Алыш орто мектебин күмүш медаль менен аяктаган.
1952-жылы Кыргыз мамлекеттик пединститутунун физика-математика факультетин аяктаган.
1952-1959-жылдары – Ат-Башы районундагы №1 жана Фрунзе шаарындагы №5 орто мектептеринде мугалим;
1955-1962-жылдары – Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда (КырПИИИ) кенже илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, сектор башчысы;
1962-1975-жылдары – Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун илимий иштер боюнча директорунун орун басары;
1975-1980-жылдары – СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун орто мектептердин директорлорунун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу факультетинин деканы;
1980-1984-жылдары – КМУнун окуу иштери боюнча проректору;
1984-1992-жылдары – Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун директору;
1992-2003-жылдары – Кыргыз билим берүү институтунун (КББИ) директору;
2003-2016-жылдары – Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) Билим берүү жана илим борборунун директору кызматтарында иштеген.
И.Б.Бекбоевдин илимий жетекчилиги жана кеңешчилиги менен илимдин 27 кандидаты, 7 доктору диссертациялык иштерин ийгиликтүү коргоп, илимий даражаларга ээ болушкан.

2. Илимий наамдары жана даражалары
1966-жылы Ташкент шаарында кандидаттык диссертациясын коргогон жана педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы СССРдин ЖАКы тарабынан бекиген.
1967-жылы СССРдин ЖАКы тарабынан ага илимий кызматкер окумуштуулук наамы бекиген.
1971-жылы СССРдин ЖАКы тарабынан доцент окумуштуулук наамы бекиген.
1983-жылы СССРдин ЖАКы тарабынан профессор окумуштуулук даражасы бекиген.
1994-жылы педагогика илимдери боюнча докторлук диссертациясын коргогон.
1997-жылы КР УИА мүчо-корреспонденти болуп шайланган.
1997-жылы Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчө-корреспонденти (Москва ш.) болуп шайланган.
2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылган.
2014-жылы Кыргыз билим берүү академиясынын академиги болуп шайланган.
2014-жылы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылган.
2016-жылы Илимий мектептин негиздөөчүсү наамы Россия табигый илимдер академиясы тарабынан берилген.

3. Өкмөттүк жана коомдук сыйлыктары
1960-жылы – Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги төш белгиси;
1970-жылы – В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгы юбилейлик медалы;
1971-жылы – Ардак белгиси ордени;
1980-жылы – СССРдин Эл агартуусунун отличниги төш белгиси;
1983-жылы – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамы;
1984-жылы – Эмгек ветераны медалы;
1990-жылы – Н.Крупская медалы;
2000-жылы – “Руханият” Эл аралык сыйлыгы;
2002-жылы – Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы;
2005-жылы – Кыргыз Республикасынын Эл мугалими наамы;.
2009-жылы – Даңк медалы;
2010-жылы – III даражадагы Манас ордени;
2010-жылы – Казакстан Республикасынын билим берүүсүнүн ардактуу кызматкери наамы;
2013-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы ыйгарылган.

Ортоңку стендде Исак Бекбоевдин Кыргызстан менен Казакстандын жалпы билим берүүчү орто мектептери, жогорку окуу жайлары үчүн жазган эмгектери берилген. Тактап айтканда:
Монографиялары – 11
Окуу китептери:
• Кыргыз мектептери үчүн – 11
• Өзбек мектептери үчүн – 2
• Тажик мектептери үчүн – 2
• ЖОЖдор үчүн – 3
• Казакстан Республикасы үчүн – 11
Окуу колдонмосу – 37
Окуу курал, методикалык колдонмосу – 47
Илимий макалалары – 220дан ашуун

Үчүнчү стендде И. Бекбоев тууралуу улуу инсандардын, окумуштуу-педагогдордун учкул ойлору берилген. Алар:
1. «Бекбоев ири монографиялык изилдөөлөрдүн, окуу жана окуу-методикалык колдонмолордун, көптөгөн илимий эмгектердин жаратманы” (Ч.Т.Айтматов)
2. «Кыргыз илимий педагогикасына тил бүтсө, биринчи ыраазычылыгын Исак Бекбоевге билгизмек» (Э.М. Мамбетакунов)
3. «Исак Бекбоев – кыргыз илимий педагогикасынын Бакай атасы»
(А.Е.Абылкасымова, Казакстан Республикасы)
4. «Исак Бекбоев – терең педагогикалык илим-билим менен элдик акылмандыкты айкалыштырган инсан» (С.О. Байгазиев)
5. «Исак Бекбоев – кыргыз мугалимдеринин мугалими (С.К. Рысбаев)

Ал эми төртүнчү стендде И.Бекбоевдин үй-бүлөсү тууралуу, жетишкен ийгиликтерин чагылдырган фото-сүрөттөр берилип, окумуштуу-педагогдун накыл сөздөрү жазылган:
1. Мугалим – чоң киши, ошондуктан ал чоң кишилерче ойлонот. Кичинекей бала болсо, объектти түшүнүү үчүн өз алдынча жол издөөгө тийиш.
2. Жаңы материалды өздөштүрүүнү уюштуруунун стратегиясы туура тандалганда гана педагогикалык резонанс башталат.
3. Сабактын максаты – бул, сабак учурунда мугалим менен окуучунун биргелешкен ишинин негизинде окуучу ээ болуучу натыйжа.
4. Кайсы мугалимдин сабагында окуучу дайыма талыкпай эмгектенсе, ал мугалим окуучуну акыл эмгегине тарбиялоодо чоң салым кошкон болот.
5. Ар кандай теориялык маалыматты окуучуга теориялык баяндоо менен эмес, педагогикалык баяндоо менен гана жеткирүүгө болот.
6. Мектеп мугалимден башталат, ошондуктан ал өз ишинин устаты болууга тийиш.

fb-share-icon

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong> 

Social media & sharing icons powered by UltimatelySocial