Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 2020-жылдын сентябрь айында КРнын жалпы билим берүүчү мектептериндеги мугалимдерге методикалык жактан колдоо иретинде вебинар өткөрүүдө.
Вебинарда тарых, музыка, информатика, математика, кыргыз тили, орус тили, кыргыз адабияты, башталгыч класстар, көркөм өнөр, технология, физика, биология, химия предметтеринин учурдагы абалы жана келечеги, дистанттык окутуу технологияларын иш жүзүнө ашыруу жана тарбия иштери боюнча темалар камтылган.
Вебинардын жүрүшүн 7-сентябрдан баштап, 15-сентябрга чейин Zoom программасы аркылуу көрүп, катышууга болот.
Вебинардын программасы:
№ | Предмет | Наименование темы вебинаров | Дата проведения | Ответственные |
1. | Информатика | Информатиканы аралыктан окутуунун өзгөчөлүктөрү / Особенности он-лайн обучения предмета информатики. | 8.09.2020 г. 14-00 ч. | Ибирайым кызы А. |
2. | Математика | Математика предметиндеги интеграция маселелеси / Вопросы интеграции в предмете “Математика” | 8.09.2020 г. 15-00 ч. | Син Е.Е., Карагозуева Г.Ж. |
3. | Кыргызский язык | Кыргыз тилин практикалык негизде окутуу маселелери. | 9.09.2020 г 14-00 ч. | Рыспаев С.К. Өжөрбаева С. |
4. | Русский язык | Коммуникативно-деятельностный подход в обучении русскому языку. | 9.09.2020 г 15-00 ч. | Тагаева Г. |
5. | Кыргыз адабияты | “Манастаануу” курсун окутууда электрондук окуу материалдарын колдонуу. | 10.09.2020 г 14-00 ч. | Байгазиев С.О., Мурзалиева З.К. |
6. | Начальные классы | Санарип мугалимди методикалык жактан колдоо / Методическая поддержка учителя в цифровом мире | 10.09.2020 г 15-00 ч. | Аттокурова Ч.А. |
7. | ИХТ, Технология | Методикадагы жанылыктар / Методические новинки https://us02web.zoom.us/j/89871329467 | 11.09.2020 г 14-00 ч. | Акматов Д. |
8. | Физика | Физика предметинде дистанттык окутуунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар / Методические рекомендации по решению проблем при дистанционном обучении физике | 11.09.2020 г 15-00 ч. | Мурзаибраимова Б.Б. |
9. | Биология | Биология предметинде дистанттык окутуунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар / Методические рекомендации по решению проблем при дистанционном обучении биологии | 14.09.2020г 14-00 ч. | Сатыбекова М., Момункулова Ж., Дооронова Ф. |
10. | Химия | Химия предметинде дистанттык окутуунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар / Методические рекомендации по решению проблем при дистанционном обучении химие | 14.09.2020г 15-00 ч. | Рысбаева Б.С., Алишерова Б. |
11 | Воспитательная работа | Компетентностный подход в системе образования / Билим берүүдөгү компетенттүүлүк ыкма | 15.09.2020г 14-00 ч. | Добаев К.Д., Жумабаева Г. |
Маалыматты даярдаган Мансапова Г.